Агартууга арналган өмүр

    15-мартта Филологиялык билим берүү практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары КМУнун «Ардактуу профессору» Зухра Кадыркулованын 70, профессор Сайра Аманбаеванын 70 жана доцент А.Абдыкалыкованын 50 жылдык кутман курак юбилейлик мааракелерине арналган «Агартууга арналган өмүр» аттуу маданий иш-чарасын өткөрүштү.

Ректор, профессор Т.Абдырахманов мааракени ачып, төмөнкүлөргө токтолду. «Урматтуу биздин эжелер, кесиптештер. Сиздердин бүгүнкү мааракеңиздер менен жалпы ректораттын атынан куттуктайм. Сиздер биздин окуу жайда узак убакыттан бери эмгектенип, өз колуңуздардан илимдүү инсандарды, билимдүү мугалимдерди тарбияладыңыздар.

Негизи окуу жайдын байлыгы биздин эже-агайлар жана студенттер. Студенттерге өз балаңыздардай кам көрүп, алар сиздерге ата-энесиндей сый-урмат көрсөтүү менен эриш-аркак болуп бирге иштешип, университеттин келечеги үчүн албан-албан ийгиликтерди жаратып келе жатасыздар. Дагы бир жолу сиздердин торколуу тоюңуздар менен куттуктайм», – деди ректор Т.Абдырахманов.

Ошондой эле куттуктоо сөздөрүн Окуу иштер боюнча проректор Т.Коңурбаев, Профсоюз уюмунун башчысы Э.Бектуров, ФББПКнун башчысы Т.Шамурзаева, Лингвистика, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү, Японтаануу факультеттеринин эмгек жамааты, Аялдар конрессинин өкүлдөрү ж.б. куттукташып, сыйлыктарын тапшырышты.

«ФББПК кафедрасынын окутуучулары абдан мыкты жана өз ишин билген дасыккан педагогдор. Алардын ичинде бүгүнкү маараке ээлерин дагы айтсак болот. Анткени алар үйүндө сүйүктүү эне, жумушта белгилүү педагог, коомдо илимий ишмер. Андыктан сиздердин бул эмгектериңиздерди баалап, Профсоюз комитетинин атынан ыраазычылык билдирип, сыйлыктарыбызды тартуулагыбыз келет», – деди Э.Бектуров.

Окуу иштери боюнча проректор Т.Коңурбаев: «Көп жылдардан бери КМУда эмгектенип, педагогдук кесипти сүйүп, студенттерге татыктуу билим берип келе жатканыңыздарга таазим. Сиздерге ден-соолук каалайбыз жана өзүңүздөрдөн тарбия алган студенттериңиздерден эмгегиңиздердин акыбети кайтып, алардын сый-урматына бөлөнүңүздөр», – деген каалоосун билдирди.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин таланттуу, ырчы, бийчи, акын студенттердин концерттик программасы тартууланды.

Назира Курбанова жетектеген Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттери Сайра Аманбаевага арнап жазган ырларын көркөм окуп, кеченин көркүн ачышты.

Соңунда катышуучулар маараке ээлери менен бирге эстеликке сүрөткө түшүштү.