АШУУДАН АРЫ АШУУ БАР АГАРТУУНУН АК КЕМЕСИН АЙДАГАН АРДАКТУУ АЙЫМДАР

    Университетибиздин ардактуу айымдары Зухра Абдылдаевна, Сайра Элтындиена, Айсулуу Айтыкуловна  мааракеңиздер куттуу болсун!

Ушул жылдын жаз айына утурлап Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын жалпы жамааты сүйүктүү юбилей ээлерин бир мезгилде куттуктап, урмат-сый, калоо-тилектерин арнап турган чагы.   Аталган коллектив  маареке ээлерин мактоо сөздөрү менен маарытуу үчүн   эмес, алардын баскан жолуна жаштарды багыттоо, жасаган эмгектерин  эл бааларын даңазалоо,  ушундай уул-кызы  менен сыймыктануу салтанатын  жакшы жөрөлгө кылып жаш муундарга жар салууну максат кылышты.Адам өмүрү деңиз болсо,  ошол  деңиздин  күнгө чагылышкан бир тамчысындай жарк эткен   кайталангыс  көз  ирмемдеринин бири – эмгектен бакыт табуу эмеспи!Ар бир эл сыймыгына татыган уул-кыздары менен сыймыктана алат. Педагогикалык кесиптин ой-кырларын кыраакылык менен байкап, билимдин бийик белесине жеткирген,   жаш таланттарды таптап, көкүрөгү ар дайым комуз кылдарындай күүдө  турган бул үч айым тууралуу айтылчу сөздөр алдыда, булар өз кесибинин кеменгерлери сыяктуу жаштарга үлгү болчу жарык жолдо тынбай эмгектенип келатышат.  Үчөөнүн өз-өзүнчө бөлүп айта турган сапаттары бар.   Алар  жасаган жумушу, мекенге кылган кызматы, ак пейилден соккон  жүрөк  кылдары менен өз заманына көөнөрбөс эмгектин күүсүн жаратарына ишенебиз.Билим берүү айдыңында бул үч айымдын аты канаттуудай оболоп турат. Дегеле жашоодо адам пейилинен табат деп коёт эмеспи, ошол ниет өмүр бою жолдош болуп, сен үчүн канат кагарын турмуштук тажрыйбадан байкап келебиз. Биз жогоруда атын атаган инсандардын баскан жолу байсалдуу болгону ошого мисал боло алат.

Бар болуңуздар, агартуунун ак кемесин айдаган ардактуу асылзат айымдар!!!

ДИДАРЫНА ДИЛИ ЖАРАШЫП...

    Заманыбыздын оош-кыйыш, кыйын кездеринде кылт этпей кесибинин туусун бек кармаган, урмат-сыйдын, кадыр-барктын ээси Зухра Абдылдаевна кутман куракка куру келген жок. Эжебиз күлгүн курагында эмгек жолун тээ ашуунун ары жагындагы Ош облусунун Хайдаркан кыштакчасындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштап, ал жерде  бир топ жыл тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. Ошондогу олоң кара чачы  кайратынан кабар берип, оргуштаган дем-күч менен жанын жарга уруп иштеди.  Оо, ал кездеги тартип тараза ташындай тактыкты,ташка тамга баскандай таамайлыкты талап кылып турган чак болчу.Мугалимдик кесипти жүрөгү сүйүп,   жумуштун жыргал-рахатынан, түйшүк-тозогунан тажрыйба топтоду.  Жаштык жалынын, жан-дилин жаратылышы көркөм, ак карлуу тоо койнундагы Айдаркен шаарчасына калтырып, турмуштун шары менен 1979-жылы университетке келип чет тилдер кафедрасына ишке орношкон.  Жарым кылымга жакын жаркын өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнап,  учурда ийгиликтин баскычын арбытып келет. Дал ушул жемиштүү жылдар аралыгында университеттин ардак грамотасына арзып, эл агартуунун отличниги аталып, аталган окуу жайдын медалына татыктуу болду. Кесипти жогорулатуу курстарынан бир нече сертификаттарды алып, 40тан  ашык илимий макалалардын, англис тили боюнча алты окуу куралынын автору болду. 48 жыл аралыгында кыярбаган эмгеги менен  жыл өткөн сайын жаңырган  ыкмаларды колдонуп, практикалык сабактарын жогорку деңгээлде өткөрүп келет. Жакында эле университетибиздин Ардактуу профессору деген наамга татыктуу болду. Кечээги, бүгүнкү жаштар, келечек ээлери дал ушундай мыкты педагогдордон татыктуу билим алып, тарбияланышы окуу жай үчүн чоң сыймык экени талашсыз. Биз абдан   урматтаган, ушунчалык мээнеткеч, мыкты устат, мыкты курбу, чынчыл, бийик кесипкөй Зухра Абдылдаевна, англис тилин жаштарга үйрөтүүнүн  чоң түйшүгүн тартып, билимге өз чыйырын салып келет.  Интеллектуалдык жагынан да, кесипкөй жагынан да алдыга ат салдырбай, жумушка күчүн арноонун үстүндө эмгектенүүдө. Студенттерге өз энесиндей кам көрүп, алардын оюн окуй билип жардамын аябаган мээримдүү эне-педагог, мындай сапат баардык адамга бериле бербейт. Дегеле биз кесиптештери, Зухра Кадыркуловна менен бирге иштешип, пикирлеш, замандаш болгонубузга сыймыктанабыз, анын адамгерчилиги, өзүн алып жүргөнү, (керек болсо кийингени) айткан акыл-насааты, кийинки муундар үчүн аңызга айланып калары бышык.Үйүндө  сүйүктүү эне, жумушта белгилүү педагог, коомдук иштерге колдон келишинче кол кабыш кылган камкор аялзаты. Ажарлуу, жүзүнөн нуру кетпеген (кээде сүрү да) жылдыздуу эженин кадыр-баркы кафедрада эле эмес университет ичинде бийик, ал гана эмес республикабыздагы педагогдор арасында да өз орду, салмагы бар.Студенттерге, жаш педагогдорго эне да, эже да болуу менен бирге ишенимдүү кесиптеш катары качан болбосун  кеп-кеңешин аябаган Зухра Абдылдаевна ар дайым жан-дүйнөсү сырткы келбетине жарашып, сыпайылыгы менен айырмаланып турган инсан.   

Арыбаңыз, Зухра Абдылдаевна, ар дайым билим деңизиндеагартуунун ак кемесин айдап, ардактуу кесиптин ак шамын жандырып, жаштарга жалын берип жүрө бериңиз, ашуудан ары ашуу бар экенин унутпаңыз, сиз менен сыймыктанабыз, кутман курагыңыз кут болсун!!! 

ӨЗ КЕСИБИНИН КЕМЕНГЕРИ

         Жылт эткен жаштыгыңды жылдардын кучагынан издегениңде гана баскан изиңе кылчайып, өмүрдүн баа-баркын, кымбаттыгын сезесиң. Мына бул сүрөттөрдө сакталган кылыктуу, кербездүү жаш кездин боёгун жылдар жууп кетире албас! Ооба, караган адамды кайдыгер калтырбаган бул элестер элине эмгеги сиңген, учурда дасыккан педагог, өз  ишинин чебер устаты Сайра Элтындиевнанын баскан жолундагы бактылуу сааттар, көөнөрбөс көз ирмемдер...  

“Ар кандай кесип ардактуу” а бирок, андан да ардактуусу жүрөк сүйгөн кесип эмеспи. Өмүрдүн өзөгүн түзчү бул жолго адашып келгендер, айласыз келгендер азыркы заманда көп экени өтө өкүнүчтүү. Бактыбызга жараша, жаштайынан жаркын максатка умтулуп, кыярбас кыялдар менен ак канаттуу тилегине жеткендер да жок эмес.  “Жакшы тилек – жарым ырыс” демекчи, жашоодо ар бир адам пейилинен табат, ыйманы жолдош болот.  Биздин арабызда мугалимдик кесибин ардактап, алкыш-сыйга арзыган адамдарыбыздын бири – Сайра Элтындиевна Аманбаева, эжебиз айтылуу Талас облусунун Киров районундагы Бейшеке айылында 1949-жылы 13-мартта жарык дүйнөгө келген. Секелек кезинен эле келечекте  мугалим болсом деп кыялданып,   болгондо да, орус тилинен мугалим болууну самаган. Ошентип, каалаган ой-максаты орундалып,  1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин биринчи курсуна кабыл алынат.  Аталган окуу жайды 1972-жылы ийгиликтүү аяктап, «Филолог. Орус тили жана адабияты» адистигине ээ болуп чыккан.

Эмгек жолун Н. Чернышевский (азыркы К.Баялинов) атындагы китепканада улуу китепканачы болуп иштөөдөн баштап, андан соӊусулбөлүмүнүнредакторукызматынаркалаган. Байсалдуу өмүр башаты  дал ушул улуу адамдардын руху түнөгөн куттуу жерде башталып,  жаштык жигер менен жүрөгүн желек кылып иштеди. Күндүр-түндүр китеп колунан түшпөй, көркөм дүйнөнүн кереметине  тартыла баштайт. Жан-дүйнөсүнө руханий гүлазык топтогон ошол жылдар ак жолтой  болуп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине (ал кезде Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна) 1977-жылы жумушка алынат. Алгач ага лаборант, андан соӊокутуучу, кийин ага окутуучу болуп, аталган ЖОЖдун тилдик эмес факультеттеринин орус тили кафедрасында иштей баштайт.

1993-жылдан тартып бүгүнкү күнгө дейре филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу, доценттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенүүдө. 2003-2012-жылдары кафедранын усулдук кеӊешининтөрагасыжанаусулдуккеӊештинмүчөсүболупиштеген. Бул арада арбын эмгектерди жаратып,кесипти жогорулатуу курстарынан бир нече сертификаттарды алып, 40 тан ашуун илимий  макалалардын, андан сырткары окуу  куралдарынын да автору болду. Эжебиз коллективде кадыр-барктуу,   ар дайым жаштарга жол көрсөтүп, акыл-кеңешин аябай кафедранын кадырын арттырып келет. Сүйүктүү, сыймыктуу педагог катары   далай жаштарды  тарбиялап, билимге шыктандырды. Алардын арасынан ыр жазгандары эженин сымбатына, бийик адамгерчилигине, энелик мээримине суктанып,  чын жүрөктөн чыккан саптарын арнап келишет. Канчалаган студенттери канат кагып туш-тарапка тараса да атайылап ал-жай сураганы,   кээ бирлери көргөн жерден кыя өтпөй саламдашканы, Сайра эженин ысмын  сыймыктануу менен атаганы – эмгек рахатынын үзүрү десек жаңылышпайбыз. Жумушта да,  турмушта да өз бактысын тапкан эже өмүрлүк түгөйү, белгилүү тилчи, профессор Жумалиев Жээналы агайыбыз менен биргеликте балдарды  татыктуу тарбиялап, небере-чөбөрө жытынан кубат алып турган чагы.  Элине кызмат кылууну эң биринчи орунга койгон Сайра Элтындиевна Аманбаева жогорку квалификациялуу педагог катары улам жаӊыусулдардыпайдаланып, сабактыкызыктуу, таасирдүү өткөн талыкпас мээнеткеч инсан. Изденүү менен иштеген эженин эмгеги жемиштүү болуп, кээ бир студенттери илим чөйрөсүнө аралашты. Университеттин сыймыгын арттырган студенттер көп болушуна күч-аракетин жумшап, күйүп-жанып иштеп келет.   Бир гана окуу иштери менен эле чектелбестен, жаштарды окуу жайдын коомдук турмушуна аралаштырууга, бош убактысы боло калса аянбай, аракетчил балдарды алга сүрөп, сабактарынан жетишүүсүнө да салымын кошуп келет.

Сайра Элтындиевнанын эмгеги жетекчилик тарабынан жогору бааланып, 2011-жылы «Билим берүү жана илим профсоюздык кыймылынын отличниги медалы» (күбөлүк №1006 (10.03.2011); И.Арабаев атындагы КМПУнун 50 жылдык мааракесинин урматына Ардак грамотасы (25.10.2002-ж.); 8-март Эл аралык аялдар күнү майрамына урматына Ардак грамотасы (2002); Университеттин окуу жана илимий-коомдук турмушунда сиӊирген эмгеги үчүн Ардак грамоталары (2008-2014); 2014-жылы КР Билим берүү министрлигинин ардактуу грамотасы менен сыйланып;  2016-жылы«Билим берүү жана илимдин отличниги»наамынынын ээси болгон. Бул наамдар тизмек үчүн гана жазылган аталыштар эмес, кызылдай мээнеттен жаралган  баарынан кымбат бешене тердин акысы десек жарашат.   «МУГАЛИМ» деген ыйык кесиптин баркын түшүрбөй, башын бийик көтөрүп, жаш муундарга үлгү болчу жолго чыйыр салып келаткан Сайра Элтындиевнаны кутман курагы менен куттуктайбыз! Өз ишине жан-отун жагып, өмүр жашынын жарымынан көбүн агартуу тармагына арнаган, мөмөлүү дарактай  төгүлүп турган Сайра эжебизге терең таазим этебиз! Дегеле кыздарын сыйлаган эл барктуу эсептелет. Сыймыктуу кыздарыбызды баалап алууну, баркына жетүүнү, жылуу сөз арноону урпактарга үлгү кылуу, мурастап калтыруу биздин  ыйык милдетибиз деп билебиз. Ардактуу Сайра Элтындиевна, түйшүктүү эмгегиңиздин акыбети кайтып, дөөлөттүн, урмат-сыйдын кучагында жүрө бериңиз!   Кеменгер кесипкөй катары келечек ээлерин байсалдуу жолго багыттап, бакубат өмүр сүрүңүз, сиз менен ар дайым сыймыктанабыз!

ИЗДЕНҮҮ – ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

   Маараке ээлеринин эң кенжеси - Абдыкалыкова Айсулуу Айтыкуловна өмүр өрүшүндө жумушу менен журтка жагып, өмүр белесине жигер жетелеп жеткендердин бири.Таштаган кадамы арымдуу болуп, Айсулуу  азыркы учурда  ашуудан отчет берип, алды-артына абай салып карап турган кези.  Кечээги саамай чачы сеңселген селки шамалдай шашкан өмүрдү кууп, убакыттан уттурбай, утууга аракеттенип, илимге чыйыр салуу үчүн изденип келет. "Мен сени сүйөм өмүр... " деген ырдын саптарындай жашоонун даамын татып-тата электе каркыранын канатындай кайып учкан кайран жаштык кол булгалап артта калыптыр.Өмүр жолунда адашпоо үчүн билимдүү болууга, эмгекти сүйүүгө үйрөткөн ата-энесинин тарбиясы акыбеттүү болуптур.    «Кызым, адал иштеп, ак кызмат кыл! Колуңдан келсе жакшы иш жасап, алкыш ал» деп айткан алардын сөзүн  “кулагына күмүш сырга” кылып, канаттуу ак тилектерин орундатсам деген кесиптешибиз учурда талбай эмгектенүүдө.

«Ааламга кеткен жолдун бир багытын –адамдын турмуштан тапкан ѳз жолунан кѳрдγм. Ал менин китептерим деп билдим» -деп белгилγγ окумуштуу С.Рысбаев айткандай, адам ѳз жолун ѳзγ табат...

Биз сѳз кылып жаткан кесиптешибиз Айсулуу Айтыкуловна Жалал-Абад шаарынын Ворошилов айылында эмгеги элге сиңген мугалимдин γй-бγлѳсγндѳ   1969-жылдын 14-февралында жарык дүйнөгө келген.  Жакшы тарбия жашоо жолуна жарык берип, аталган шаардын А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1988-1993-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз филология факультетин аяктап, эмгек жолун ѳзγ окуган жогорку окуу жайында  лаборант болуп эмгектенγγдѳн баштаган.  «Ѳмγрдγ жылдар менен ѳлчѳѳ болбос, бγткѳргѳн иш болбосо кунар толбос» деп акын Байрон айткандай, 50 жаштын отчетуна А.Айтыкуловна ак куржундуу келиптир. Ал 1999-жылы  КР ИУАнын корреспондент-мγчѳсγ, ф.и.д.,профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевичтин жетекчилиги астында кандидаттык диссертациясын жактап, К.Тыныстановдун лингвистикалык концепциясын, илимий-методикалык негиздерин биринчилерден болуп, илимий негизде ачып берген. Бул боюнча төмөнкүдөй эмгектердин ээси болуп, андан сырткары албан иштерге аралашып, аталган кафедрабызда башчылык милдетти да аркалап келген. 2000-жылдан ушул күнгө чейин И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Атай кетсек, А.А. Абдыкалыкованын “Касым Тыныстанов. Алгачкы эмгектер” (Бишкек, 2001),   “Кыргыз тили. Энциклопедиялык окуу куралы”(Б., 2004),            Баары 30 соавтор (түзүүчүлөр), “Кыргыз тили боюнча таблицалар топтому (Филология факультеттеринин студенттери үчүн окуу куралы)    Карыбекова Н.Р., Бийгелдиева Н.А. (авторлош) (Б., 2008), “Тексттер топтому” (Кыргыз тилдүү эмес аудиториялардын студенттери үчүн окуу куралы)Карыбекова Н.Р., Бийгелдиева Н.А. (авторлош) (Б.,2009) ,       “Кыргыз тилинин практикалык курсу” окуу-методикалык комплекс (Английский язык. Направление 531100 Лингвистика, академ.степень: бакалавр)Султакеева Н.Ж. (авторлош) (Б., 2015), “К.Тыныстановдун окуу китептеринин жана эмгектеринин практикалык жана теориялык маселелери” (Б.,2016)  аттуу окуу куралдары, “Касым Тыныстанов жана кыргыз тил илиминин айрым маселелери” (фонетика, морфология жана терминология) (Б, 2003) деген монографиясы жана бир нече илимий макалалары жарык көргөн.   

   Аталган эмгектер “ийне менен кудук казгандай” түмөн түйшүктүн аркасында жаралып, талаш-тартыштуу маселелерге чекит коюп,   окурмандарга “руханий” жемишин тартуулап турган убагы. Айсулуу азыркы мезгилде  да бул боюнча изилдѳѳлѳрγн улантып, докторлук ишин коргоонун алдында турат.  

Алга Айсулуу, алдыда далай дабан бар, илим чыйырында сага   даңгыр жол каалайбыз!Өмүр көчүндө өргө карай өйдөлөп, бактылуу эне катары турмуш туткасын бек кармап келесиң, ылайым түндүгүң бийик, очогуң ыйык болсун! “Элүү  жаш – чак түш” деп коёт эмеспи, кайрат-кубат барында элге кызмат кылып, кесиптештериңдин күн жагына көлөкө, жел жагына паана болуп жүрө бер!

 Филологиялык

 билим берүүнүн практикалык

курсу кафедрасынын жалпы жамааты