Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери “Жоогазын” улуттук фестивалында

28-29-мартта ПР-1-18 группасынын студенттери  Ж.Баласагын атындагы КУУда ар жыл сайын өткөрүлүүчү “Жарнама жана ПР” улуттук фестивалына 2 багытта катышып келишти:

1. Илимий доклад менен: Камчыбекова Сезим “Основные теории  коммуникации в ПР”, Токторбаева Мунара “Кыргызстандагы жарнаманын өнүгүү тенденциялары”,

2. Видео-ролик менен: Лысюк Рамазан, Набиев Анис,  "Укугумду билем" (Имею право).

Фестивалда конкурстук негизде докладдар, видео материалдар  төмөндөгү темалар боюнча уюштурулган:

1. Биз – Кыргызстандыкбыз (Мы – кыргызстанцы);

2. Дени сак жашоо (Здоровый образ жизни);

3. Менин үй-бүлөм – менин байлыгым (Мое семья – мое богатство);

4. Таза шаар (Чистый город);

5. Биздин маданият (Наша культура);

6. Менин укугум бар (Имею право);

7. Билим берүүдөгү паракорчулук (Коррупция в образовании);

8. Жашоо коопсуздугу (Безопасность жизни);

9. Жараталыш камкордугу (Береги природу);

10. Эркин тема (Свободная тема).

Аталган факультет бул фестивалга биринчи жолу катышты, ошондой болсо да  студенттер талантын, билимин, даярдаган материалдары аркылуу жана жыйынтыктоо ишиндеги талкууда өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтө алышты. Фестивалдын акырында  биздин  студенттер граммота жана сертификаттарга ээ болушту.