ММЛУнун студенттери «Бурана» тарыхый-этнографиялык комплексине экскурсияга барып келишти

   Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинен академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча И.Арабаев атындагы КМУга келген студенттер Соловьев Иван, Борисенко Елизавета, Жабелова Камилла, Карпова Анна, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан Адылбекова Айтбү 11-апрель күнү Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттери менен археологиялык эстеликтерге бай «Бурана» тарыхый-этнографиялык комплексине экскурсияга барып келишти.

Келген конокторго аталган жайдын кызматкерлери тарыхый комплекстин тарыхы, аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.