КМУда корей тилинде дил баян жазуу конкурсу өттү

    13-апрель күнү Кыргыз мамлекеттик университетте жогорку окуу жайлар аралык "Корей тилинде дил баян жазуу" конкурсу болуп өттү.

Конкурска атайын конок катары Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Корей тилин окутуу борборунун директору Мин Че Шик, Кыргызстандагы корей окутуучуларынын ассоциациясынын президенти – Ким Че Сук, Орто Азиядагы корей окутуучуларынын ассоциациясынын президенти Пек Те Хен, Корей Демократиялык ассоциациясынын президенти Жоң Жи Соң чакырылган.

Дил баян жазуу конкурсу боюнча 8 окуу жайдан (И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-корей колледжи, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, К.Карасаев атындагы БГУ, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университети, Ош мамлекеттик техникалык университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ, К.И.Скрябин атындагы КУАУ) 30 ашык өкүл конкурска катышты.