Ректор Төлөбек Абдырахманов университеттин алдындагы «Билим – КГУ» клубунун жетекчиси Нуржан Акматов жана команда мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү

      Бүгүн, 15-апрелде окуу жайдын башчысы Төлөбек Абдырахманов университеттин алдындагы «Билим – КГУ» клубунун жетекчиси Нуржан Акматов жана команда мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Н.Акматов аталган клубдун акыркы убактарда жараткан ийгиликтери жана көйгөйлөрү, маселелери тууралуу маалымат берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.

«КРнын XI чемпионатында «Билим» клубунун кыздар жана балдар командасы 2-турдун жыйынтыгы менен финалдык (плэйофф) группага өтүштү. Жалпы рейтинг боюнча балдар 10 команданын ичинен 3-орунда келе жатат. Кыздар командасы 2-турда күчтүү делген Ош, Улар командаларын жеңип, байгелүү орундарга көтөрүлүштү», – деди клуб башчысы Н.Акматов.

Мындан сырткары команда мүчөлөрүнүн спорттук формасына, финансылык абалына да токтолушту. Ректор Т.Абдырахманов «Билим» клубунун алдыдагы чоң жеңиштери үчүн бардык тараптан колдой тургандыгын айтты.