Биология жана химия факультетинин жетекчилери мектеп окучуулары менен жолугушту

   Чоров Маматкан Жетимишович баштаган Биология жана химия факультетинин жетекчилери Бишкек шаарындагы №88 орто мектептин окучуулары менен жолугушту.

Мектеп жетекчилери жана 11-классты бүтүрүү алдында турган окуучулар кабыл алышып, декан М.Чоров И.Арабаев атындагы КМУга окуучуларды билим алууга жана мугалимдерди кызматташууга чакырып, университет, анын ичинде Биология жана химия факультети жөнүндө маалымат берип өттү.