КМУнун спорт залында университеттин «Эшиктер күнү» белгиленди

  26-апрелде КМУнун спорт залында университеттин «Эшиктер күнү» белгиленди. Бишкек шаарындагы орто мектептин окуучулары келишип, окуу жай жөнүндө толук маалымат алышты.

Кечени Окуу башкармалыгынын башчысы Октябрь Капабаев ачты. Концерттик программа тартууланып, таланттуу студенттердин ыр-бий, күүлөрү тартууланды. Ар бир факультет өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, окутуу багытын тааныштырды.