Кыргызстандын тарыхы жана этнологиясы кафедрасынын жетекчилиги астында уюштурулган факультеттер аралык сынактын жыйынтыгы чыкты

    26-апрелде чон жыйындар залында Кыргызстандын тарыхы жана этнологиясы кафедрасынын жетекчилиги астында уюштурулган факультеттер аралык сынактын жыйынтыгы чыкты.

Кафедра башчысы Айнагүл Жоошбаеванын айтуусуна караганда, бардык факультет, институттардан отузга жакын студент катышып, алар ар кыл темада илимий баяндамаларды окушкан.

Студенттер сынакка активдүү катышып, өздөрүнүн мекени жөнүндө маалыматтарды тереңден изилдешкен.

Жыйынтыгында мыкты деп табылган студенттер баалуу сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.