Педагогика факультетинин студенттери жаш математиктердин Республикалык олимпиадасына жардам көрсөтүштү

    Бишкек шаарында 27-апрелде Кыргыз-швед мектеби жана Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган жаш математиктердин Республикалык олимпиадасы болуп өттү.

Башталгыч класстын окуучулары үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш-чара быйыл №13 жана №69 мектеп-гимназияларында өтүп, ага биздин университеттин студенттери жана «Башталгыч класстын мугалими» профилинде окуп жаткан 60 студент жардам көрсөтүштү.