Дүйнѳлүк тилдер гимназиясынын окуучулары "Brands Battle 2019" сынагында байгелүү кайтышты

     Ата-Түрк "Ала-Тоо" университети тарабынан окуучулар жана студенттер үчүн уюшулган «Brands Battle 2019» сынагынынын жыйынтыгы чыгарылды.

Аталган сынакка И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнѳлүк тилдер гимназиясынын окуучулары да жигердүү катышып, 300дѳн ашык окуучунун жана 20дан ашык мектептин арасынан 2-орунду ээлешти.

Уюштуруучулар гимназиянын окуучуларына ыраазычылык билдирүү менен баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.