КМУнун окутуучулары ОГПИге форумга барышты

        Өткөн жумада Педагогика кафедрасынын профессордук-педагогикалык курамынан турган 13 киши И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Т.А. Абдырахмановдун колдоосу менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөн педагогикалык форумга катышып, илимий докладдарды жасашты.

Профессор Калдыбаева А.Т. пленардык доклад жасап кафедранын мүчөлөрү секциялык иштерде мастер-класс беришти. Эки күндүн ичинде тажрыйба алмашуу максатында Ош мамлекеттик университетине жана Кыргыз-Өзбек университетине барышты. Н. Назарбаевдин мектебинин директору, доцент Кыялбек Акматовдун мастер-классын угушту. Институттун ректору, профессор Бекмырза Зулуев университеттен форумга барган окутуучуларга терең ыраазычылык билдирди.

Бул илимий командировка жаш окумуштуулар үчүн абдан пайдалуу болду, аспирантура жана магистратурага үгүттөө иштери да жүргүзүлдү.