Ректор Т.Абдырахманов Бишкек шаарынын администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

     8-майда Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абыловичти кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда мэр А.Суракматов жакынкы аралыкта өткөн Бишкек шаарынын 141 жылдыгынын урматына арналган иш-чарада өзүнүн ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн АБДЫРАХМАНОВ ТӨЛӨБЕК АБЫЛОВИЧКЕ Ардак грамота тапшырды.

Эл үчүн, мекен үчүн көп иш-аракеттерди жасап, билим тармагында олуттуу кадамдарды аткарып жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип өттү.