Улуу Жеништин улук адамдары

    И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлобек Абдырахманов, Окуу иштери боюнча проректор Тууганбай Конурбаев, Жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Мелис Оңолбаев, Мониторинг боюнча адис Жээнбек Абдиев, Эл аралык мамилелер боюнча проректор Аниса Борубаева, Биология жана химия факультетинин деканы Маматкан Чоров университеттин ардактуу ардагерлерине Улуу Жеңиштин урматына арнап, сый тамак тартуулашты.

«Илгертен элибиз улууну урматтап, аларга төрдөн орун берип, сыйын көрсөтүшкөн. «Карынын кебин кепке сал» дегендей, сиздердин ак эмгегиңиздердин, улук тарбияңыздардын, акыл-насаатыныздардын аркасында университет үчүн көп ийгиликтер жаралып, бүгүнкү даражага жетип отурат. Ошондуктан сиздер биздин окуу жайдын кызматкерлеринин, студенттеринин сыйын көрүп, урматына ээ болууга акылуусуздар. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, ыраазычылык билдиребиз, Урматтуу биздин ардагерлер!», – деди ректор Т.Абдырахманов.