Ректор Т.Абдырахманов «Жибек Жолу» коомдук фонддусунун директору Хасан Моголду кабыл алды

    8-майда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов «Жибек Жолу» коомдук фонддусунун директору Хасан Моголду кабыл алды.

Ректор Т.Абдырахманов Хасан Моголду жылуу кабыл алып, студенттердин келечеги жөнүндө: академиялык мобилдүүлүк боюнча окутуу, конференция, симпозиумдар, тегерек столдорду өткөрүү, Теология багытында илим алып жаткан студенттерге жайкы окуу курстарын уюштуруу сыяктуу маселелерге токтолду. Аталган иш-чаралар Түркиянын КРнын элчилиги жана Түркиянын Билим берүү министрлиги аркылуу аткарылмакчы.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар келишимге кол коюп, ректорго «Жибек Жолу» коомдук фонддусунун баалуу белектери тапшырылды.