ҮМҮТ

      И.Арабаев атындагы  Кыргыз  мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун III курсунун студенти,  Ат-Башылык  Элмирбек кызы  Айдинанын «Жарыгым» аттуу алгачкы жыйнагын («Жарыгым». Ырлар.-Б.:2018-ж) окуп, бул акын кыз жөнүндө жазам деп оозуман чыгып кетти эле. Көк желкелеген көр тириликтин айынан кол бошобой, бир топ убакыт өтүп кетти. Убакыттын өткөнүнөн деле зыян болбоптур. Бул аралыкта анын ырларын кайталап окуп, айрым бир ойлорумду тактап алдым, айрымдарынан баш тарттым. Кандай деген күндө да Айдинанын таланттуу, ашкере назик жан экени талашсыз, анын поэзиясында көңүлдү уялап, ойго азык боло турган  саптар бар. Ошон үчүн жазат элем деп желпинип албадымбы!

Айдинанын ырларын баштан аяк окуп чыкканда кандайдыр бир жол таба албай ары урунган, бери урунган  энергиянын (блуждающая энергия) илебин сезесиң. Айрым адабий билермандардын айтымында,  мындай сапат чыныгы чыгармачыл адамдарда кездешет экен. Сыягы анын ырларындагы наристе кыздай шоктонгон эркелик, тартынбай тарс айтылган жайдары тамаша, кыйытып кыстарылган кер какшык жана ичтен тызылдаткан кайгы-муң сыяктанган мотивдер бизди мурда байкалбаган башкача бир сезимдердин материгине туш кылып, таң калтырганы ошондон окшойт.

Элмирбек кызы Айдинанын жыйнагына, негизинен, лирикалык ырлар киргизилген. Ал эми лирикалык ырлар кандайдыр бир окуяны сүрөттөө менен коштолбосун адабият менен алака кылгандар жакшы билишет.Анда акындын ыр саптарын кандай шартта жазганы, кимге кайрылганы сөздөрүнөн эле аныкталбаса, калганы анча деле маанилүү эмес. Лирикалык  чыгармадагы эң башкы нерсе –эмоция менен сыпатталган сүрөттөө жана ой жүгүртүү.

      Тагдырдын таштак жолун басып анан,

      Өткөргөн ар бир күндү жазып барам.

      Тирүүлүк сыноосуна малынганда,

       Көргөзбөй артты карап жашып алам.

       Чарчаган адаммын мен жалгандардан,

      Көнүлдө күйүп жанган арман калган.

      Ааламда араң жашайм жалгыз гана,

      Апамды сакташ үчүн армандардан.

       (« Жарыгым». Ырлар.-Б.:2018, 15-Б.)

 Бул Айдинанын «Кайгынын көчү» деген ыры. Каламы жаңыдан такшалып келе жаткан жаш акындын бул чыгармасын көркөмдүк жактан көңүлгө толот деп айтышка негиз бар. Ырда оозду ачыра турган окуя жөнүндө сөз болбогону менен, белгисиз кайгынын жүгү ныгыра баскан адамдын сезим-туюму, ошол сезимдер анын жан дүйнөсүндөгү апага деген аялуу сезим менен жуурулушуп, абдыраган айласыз абалды жаратканы терең, ькылдат ачылып берилген. Ырда лирикалык субъект куду автордун өзүндөй же ага жакын кабыл алынат. Лирикалык ырлардын мындай түрүн автопсихологиялык деп да коюшат. Немец акыны И.Бехер лирик –бул, «өзүн өзү туюндурган адам. Ал өзү –өз лирикасынын каарманы» деп бекеринен айтпаса керек. Мында турмушту таанып билүү өзүн өзү таанып билүү катары болот да, көбүнесе ал лирикалык «мен» менен туюндурулат. Лирикалык чыгарманы биз ошол аркылуу кабыл алабыз, ошол аркылуу акындын акыл дүйнөсүнө тартылып, аны куду өзүбүздүкүндөй менчиктейбиз. Ошондон, жогоруда биз мисалга тарткан ырды башкача, кайдыгер кабыл алууга мүмкүн эмес.

  Акындын аң-сезиминин таасир-күчүн ошо калыбында берген лирикалык чыгарманын тону дайыма ашкере эмоционалдуу болот. Анда медитативдик башталма бар. Тигил же бул нерсе жөнүндө эмоциясы алкакты жарып кетчүдөй ашып-ташкан ой-жүгүртүүнү акыл менен ооздуктоону медитация деп коюшат экен.Ошондон улам лирикалык чыгармалардын көбүн жан дүйнөнү айкарасынан ачуу деп түшүнүшөт. Буга ишениш үчүн Айдинанын « Жаңылык» деген ырын карап көрөлү.

         Алты жыл сактап жүрүп мамилени,

         Баштадык эми билбейм дагы нени.

         Жүрөктү айыктырып, кайра ооруттуң,

         Жашоомдун эмдөөчүсү, дарыгери.

         Аруулук майдаланып учту алыска,

          Чамам жок сезимимди куткарышка.

          Түбөлүк жан шеригим дегем сени,

           Көргөндөр бизди карап суктанышса.

           Ыр жазып түнт жашоодон жаңы чыктым,

           Алданып махабаттан жаңылыпмын.

            Башкага үйлөнөмүн деген сөзүң,

           Жаманы болду мага жаңылыктын.

               («Жарыгым».Ырлар.-Б.:2018,40-б)

Бул чыгармага медитативдик башталма мүнөздүү, мында жан дүйнөнү ачып берүү, ой-жүгүртүү жана сыпаттап баяндоо ажырагыс биримдикте берилген. Лирикалык чыгармачылыктын мындай синтезделген формасы өзгөчө XXкылымдын поэзиясына мүнөздүү экени адабият таануу илиминде белгиленет. Ушул сөз каражаттары сарамжал, тыгыздалып кыска пайдаланылган ырда Айдинанын жан дүйнөсүнүн кыймылы, бир кезде башынан өткөн аң-сезиминдеги умтулуулары, эми ындынын өчүрүп, өкүндүргөн жана айрылууну моюндаган сезимдер гаммасы аркылуу туюндурулуп жатат.

    Ушул чакан жыйнактын «Дил кайрык» деген бөлүмүн барактасаң, мындай көңүлдү чарпып өтүп, ой-санааңды алекке салган, кайдыгер калтырбай, куду өзүңдүн жан сырыңдай кабыл алынган ырлар арбын кездешет. Маселен, «Махабаттын сазына малынганда» , «Асыл адам», «Эми кеч», «Караңгылык» деген лирикалык ырларында акын алпештеген апасына болгон сүйүүнү, көңүлүн чөгөрүп, жанын кыйнаган оорууну жүрөк туйлатар эмоция менен сүрөттөсө, «Муздак бөлмө», «Жалгыз адам» , «Иргелүү» , «Акын жаны», «Жалгыздык» , « Кандай адам» деген ырларында бир туруп сырдуу жигитке ак жоолукчан колукту  болсом деп, бир туруп алпештеген апамдай апа болчу, жөлөк болчу, сырдаш болчу кайненем кандай болду экен деп кыялданса,  бир туруп чыгармачылыктын, өмүрдүн, жашоонун дилеммалары жөнүндө поэзиянын учкул тили менен философиялык ой-жүгүртөт. Арийне, мында тигил же бул окуя, кандайдыр бир иш-аракет же эриш-аркак мамилелер сүрөттөлгөн жок. Мында адамдын ички дүйнөсүн өздөштүрүү аракети жасалды жана ушунусу менен бул ырлар экспрессивдүү искусствонун белгилерине ээ болду.

  Акындын айрым ырларында аздектелген аруу сезим эрке мүнөздүн эргиген юмору менен коштолуп, көңүл кушун өзүнө тарткан жайдарылыктын жагымдуу илебин берип турат.

       Уурдап алдың сезимдин ыргактарын,

       Эми менден жашырып сыр катпагын.

       Эң жагымдуу сөз менен эркелетсең,

       Ошол болот жүрөктү жыргатканың.

       Сүйүү жанып сезимде, карегимде,

      Жашоом өтөт махабат гареминде .

      Чоң үй салып убара болбо жаным,

      Сен жашайсың акындын калеминде.

      Арбаламын байланып бир өзүнө,

      Кыялыма түшүнбөй күлөсүн ээ.

      Ажырыбай дайыма бир бололу,

      Батсак дагы турмуштун күнөөсүнө.

       («Жарыгым». Ырлар,-Б.:2018,52-б)

   Ушундай типтеги саптар жыйнактын «Тамашалуу ырлар» бөлүгүндө да бар. Алар акындын интеллектуалдык жана эмоционалдык дүйнөсү жөнүндө белгилүү бир түшүнүк берет.Дегинкиси лирикалык ырлар субъективдүү, көбүнесе индивидуалдуу ассоциациялардын соолубас булагы. Ошон үчүн ал кабыл алуунун ар кандай варианттарына орун калтырат.

  Жыйынтыктап айтканда Айдинанын алгачкы ырлар жыйнагы көп нерседен үмүттөндүрөт. Ал өзүнүн сөз менен иштөө  маданиятын өркүндөтүп, чыгармачылык тажрыйбасын такшалта алса, биз дагы далай жолу анын ажарланган оригиналдуу ырларына, таң калтырган күтүүсүз саптарына күбө болобуз. Тек ал кандай жол менен кетет? Жыйнакты окуп чыккандан кийин ушул маселе көпкө ойлондурат. Кантип ойлонбойсуң? Таланттуу болуп жатпайбы!

                                                      Абдил Шерматов

И.Арабаев атындагы КМУ