Бүтүрүүчүлөргө арналган азем, жүрөктөн чыккан сөздөр… Агай -эжейлерге таазим...

     14-майда География, экология жана туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси жыйындар залында болуп өттү. Декан Темирбек Чодураев бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык кечесин ачып, быйылкы окуу жылында факультеттин жетишкендиктерине токтолуу менен жакынкы аралыкта мүмкүнчүлүгү чектелген Реабилитациялык борборго кайрымдуулук ишин жүргүзүп келген студенттерге Ардак грамота тапшырып, аларга ыраазычылык сөзүн билдирүү менен башталды. Ошондой эле декандын орун басары Руслан Акматов жана 4-курстун кураторлору да жакшы тилектерин айтышты.

Кече 2-3-курстун таланттуу студенттеринен атайын даярдалган концерттик программа менен коштолуп, ыр, бий жана КВНдер көрсөтүлдү. Окутуучулар менен студенттердин ортосундагы урмат-сый, жылуу мамилелер, алардын биргеликте аткарган оюндарынан байкалып турду.

Соңунда окутуучулар курамы жана студенттер эстеликке бирге сүрөткө түшүштү.