Профессор А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу кеңеши болду

    Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин «Информатика» профилинин 2-3-4-курсунун студенттери ага окутуучу Айгүл Бусурманкулованын жетекчилиги астында профессор А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу кеңешине катышып келишти.

Гимназиянын мугалимдери педагогикалык практикадан өткөн ар бир студенттин мугалимдик кесипке даярдыгы, жоокерчилиги, билими жөнүндө сөз сүйлөштү.

Айрым мугалимдер И.Арабаев атындагы КМУдан келген көпчүлүк практиканттардын билими, жоопкерчилиги жогору экендигин, «информатик» мугалим деген кесипке татыктуу экендигин баса белгилешти.

Соңунда студенттерге ийгилик каалап, мугалимдик кесипти таштабастан, бул кесиптин өтөөсүнө чыгуусун каалашты.