Ак жол сага, бүтүрүүчү

   Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде бүтүрүүчүлөрдүн кечеси башкы корпустун жыйындар залында өттү.

Кечени декандын орун басары А.Асакеева ачып, Ш.Искендерова, К.Кокомбаев бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, активдүү студенттерге Ардак грамота жана ыраазычылык кат тапшырды.

Окутуучуларга ыраазычылык сөзүн билдирүү үчүн ар бир группанын студенттери каалоо-тилектерин айтышты.

Элдик, чыгыш жана заманбап ырлар, бийлер аткарылып, КВН балдардын тамашалары залдагы көрүүчүлөрдүн көркүн ачышты.