Мамлекеттик тил жана маданият институтунда бүтүрүүчүлөрдүн кезектеги майрамдык салтанаты болуп өттү

     Бүгүн Мамлекеттик тил жана маданият институтунда бүтүрүүчүлөрдүн кезектеги майрамдык салтанаты өтүп, ага институттун директору А.Дүйшөмбиева, окутуучулар, студенттер жана бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери катышты.

Директор А.Дүйшөмбиева салтанатты ачып, төмөнкүлөргө токтолду.

Ошондой эле кафедра башчылары С.Каратаева, А.Эгембердиева, Н.Эргешбаева өздөрүнүн жакшы каалоо-тилектерин арнашты.

Салтанаттын ээлерине арналган элдик, чыгыш, батыш жана заманбап ырлар, бийлер жана күүлөр аткарылган концерттик программаны 1-2-3-курстун студенттери даярдашкан.

Студенттик күндөрдө мугалимдик, ата-энелик мээримин төккөн окутуучуларына институттун алдыңкы студенттери ыраазычылык сөзүн айтышты.