Ак жол сага, бүтүрүүчү

    Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы орто мектептерде жана орто, жогорку окуу жайларында бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу кечеси кызуу жүрүп жатат.

И.Арабаев атындагы жогорку окуу жайы да салтанатты көз жаздымда калтырбастан, 2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн уясынан учуруп турган мезгили.

Кадича Токтобакиева жетектеген Дүйнөлүк тилдер гимназиясынын окуучуларынын, Маматкан Чоров жетектеген Биология жана химия факультетинин студенттеринин бүтүрүү кечеси жакшы маанайда өттү.

Окутуучулар, кураторлор, окуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышкан бул салтанатта концерттик программа тартууланып, каалоо-тилектер, бийик максаттар, жылуу пикирлер айтылды.

Алдыңкы бүтүрүүчүлөргө Ардак грамота жана ыраазычылык каттар жетекчилер тарабынан тапшырылып, ал эми билимин, тарбиясын, акыл-насаатын берген эже агайларга эстен кеткис сый-урмат көрсөтүлдү.