Балдар – жердин жандуу гүлдөрү. 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун күнүнө карата Төлөбек Абдырахмановдун куттуктоосу

Урматтуу кичинекей бөбөктөр жана жаш жеткинчектер!

Сиздердин бүгүнкү 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун күнү менен жеке өзүмдүн жана И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек жамаатынын атынан чын-дилден куттуктайм.

Кыргыз эли дүйнө коомчулугу менен биргеликте бул майрамды өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгилеп, жаш жеткинчектердин, балдардын салттуу майрамы деп билишет.

Анткени Сиздер ата-энелердин илгери үмүтү, үй-бүлөнүн бекемдиги, ааламды шаңга, асманды нурга бөлөгөн, жашоонун маңызы жана мамлекетибиздин келечегисиздер.

Ошондуктан биз ата-энелер, мугалимдер, дегеле жалпы адамзаты Сиздердин бактылуу балалык, татыктуу билим жана жаркын келечегиңиздер үчүн бүткүл аракетибизди жумшоого милдеттүүбүз жана бул биздин негизги парзыбыз деп билебиз.

«Балдар – жердин жандуу гүлдөрү» дегендей, жер бетине жылуулук, ата-эненин жүзүнө жылмаюу тартуулаган балдарыбыздын асманы ачык, маанайы жарык, акылы тунук, күлкүсү шаңдуу болуп, ар бир күнү бактылуу көз ирмемдер менен коштолсун. Бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон бала гана өз жашоосунда бактылуу өмүр сүрө алат демекчи, бактылуулуктун даамын сезип чоңойгон балдар Кыргызстандын тиреги, чеби, бактысы.

Биздин окуу жайда эмгектенген эң мыкты педагог-адистер Бишкек шаарындагы бала-бакчалардын, орто мектептердин жетекчилери менен тыгыз байланышып, кызматкерлери менен бирге иштешип, аларга колдон келишинче моралдык жардамын көрсөтүүдө жана өлкөбүздөгү жаш жеткинчектерге татыктуу тарбия, чексиз билим берүү максатында мамлекетибизге жыл сайын жогорку билимдүү мугалимдерди, педагог-адистерди  даярдап берүүдө.  

Урматтуу кичинекей бөбөктөр! Бүгүн бүткүл адамзаты белгилеп жаткан Сиздердин майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, Сиздерге бактылуу балалык, татыктуу билим жана жаркын келечек каалоо менен, «Мен – кыргызстандыкмын» деген мекенчилдик сезим ар бириңиздердин жүрөгүңүздөрдүн түпкүрүнөн орун алышын тилейм.

Урматым менен И.Арабаев атындагы КМУнун

ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович!