Сабаттуу бол акциясында КМУнун студенттери 1-орунду ээлешти

   И. Арабаев атындагы КМУнун эки студенти, тактап айтканда Сатылганова Алтынай менен, Исманжан кызы Бегимай Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жүргүзгөн студенттер арасында өткөн жат жазуу боюнча сынакта биринчи орунду алышты.
Сынакка Республика боюнча 1000 ден ашык студент катышкан. Биринчи орун беш студентке берилип, анын экөөнү КМУнун билимдүү студент кыздары жеңип алышканы кубандырбай койбойт. Эки студент кызыбыздын бири Сатылганова Алтынай Лингвистика институтунун биринчи курсунда билим алса, экинчиси Исманжан кызы Бегимай География жана экология туризм факультетинин 1- курсунун студенти. 
Жат жазууну бешке жаздырып, сынакка даярдаган тилчи эжелери, КМУнун ардактуу окутуучулары Иманакунова Күлнур Шеримбековна менен Черикчиева Гүлмира Меймановнага да ыраазычылык билдирип коюбуз шарт!