Кыргыз билим берүү системасын өнүктүрүүнүн перспективалары

3-июнда башкы корпустун кичи жыйындар залында «Кыргыз билим берүү системасын өнүктүрүүнүн перспективалары» деген аталыштагы тегерек стол өтүп, ага ректор Т.Абдырахманов, ЖК депутаты А.Жапаров, Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, коомдук ишмер И.Болжурова ж.б. катышты.

Тегерек столду ректор, профессор Т.Абдырахманов ачып, бүгүнкү күндө билим берүү системасы өксүп турганда, мындай максаттуу иш-чараны баштап жаткан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

«Биздин окуу жай бакалавриат, магистр багытында адистерди, окуу китептерин мамлекеттик стандартта даярдап, билим берүү тармагына өз салымын кошуп келе жатат. Университет окутуу системасын жакшыртуу үчүн бир нече иш-аракеттерди көрүп, көптөгөн окуу жайлар, окутуу борборлору менен түздөн-түз байланышып келе жатат. Бүгүнкү иш-чаранын максаты боюнча ойлонто турган, жол көрсөтө турган кызыктуу маалыматтар бар экени кубандырууда жана бул талкуу биздин окуу жайда башталып жатканы туура деп ойлойм", - деди профессор Т.Абдырахманов.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Глобалдык атаандаштык үчүн мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» аттуу баяндамасында төмөнкүлөргө токтолду: «Кыргызстанда билим берүү сапатына көңүл бурганыбыз менен жыйынтыктуу иш-аракеттер болбой жатат. Азыркы учурда дүйнөдөгү кайсы гана мамлекеттерде болбосун билим берүү тармагы эң көп талаш-тартыш жараткан, өзгөртүү киргизүү талап кылынган тармактардын бири. Бул боюнча окумуштуулар билим беруүгө чоң көңүл буруу керектигин баса белгилеп айтышууда жана өздөрүнүн программаларын сунушташууда. Биздин өлкөдөгү билим берүү системасын жакшыртууга арналган өзүмдүн бир нече сунуштарымды ортого коюп, талкуулап, сиздер менен бирге бир чечимге келсек деген оюм бар.

Мына, бүгүнкү күндө орто мектептерде, жогорку окуу жайларда сапаттуу окуу китептер, жогорку квалификациялуу мугалимдер жетишсиз, мугалимдердин айлыгы аз деген ж.б. маселелер айтылууда.

Маалыматтык технологиялар, адам, коом күндөн-күнгө өзгөрүп жаткандыктан, ага жараша билим берүү тармагы да өсүп-өнүгүүсү керек. Маанилүү нерсе: реформалоо, модернизациялоо, же болуп жаткан өзгөртүүлөр Кыргызстандын шартына жараша жасалуусу керек», – деп, экономикалык, глобалдык атаандашуу (Кыргызстан дүйнөдө 97-орунда) жана мыйзамдын үстөмдүүлүгү боюнча 3 критерийге токтолду.

Билим берүү министри Г.Кудайбердиева мамлекет тарабынан билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттар, ал каражаттар кайда жумшалып жаткандыгы боюнча кыскача токтолду.

Эксперт Б.Абдуллаев «Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу: компетенттүү мугалимдер» баяндамасында: мугалимдин статусу, кыргыз мугалимдерге керектүү компетенциялар, комплекстүү реформалар ж.б. жөнүндө толук маалымат берди.

Баяндамалардан соң эксперттер, окумуштуулар, катышуучулар аталган иш-чаранын тегерегинде талкуу жүргүзүштү.

 «Билим берүү системасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн көтөрүлүп жаткан бул тегерек столдун максаты абдан жакшы. Мындай иш-аракеттер дайым жүргүзүлүп турса, биздин өлкөнүн билим берүү сапаты жогорулайт деп ишенем. Бул идеяны колдоп чыккан уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем», – деди эксперт И.Болжурова.