И.Арабаев атындагы университеттин аспиранты Аскарова Айнура Алмасбековна КРнын ЖКнин VI чакырылышынын депутаты болду

  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышындагы «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Аскарова Айнура Алмасбековнаны И.Арабаев атындагы университеттин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын ыкластан куттуктайм!
Урматтуу Айнура Алмасбековна! «Кыргызстан» партиясына кошкон салымыңыздын акыбети кайтып, максатыңызга жеттиңиз. Карандай эмгек даңктуу да, барктуу да кылат! Эми эл үчүн иштеп бериңиз. Саясат менен бирге, илимди да татыктуу алып кетет деп ишенем. Парламентаризм институтунун өнүгүшүнө салым кошо турган чоң илимий ишиңизди татыктуу жактап алышынызга тилектешмин. 
Биз үчүн абдан сүйүнүчтүү кабар болду. Сиздей өжөр, беттегенин бербеген, ошол эле учурда адамгерчиликтүү аспирантыбыз менен сыймыктанабыз!

 

Урматтоом менен, 
И.Арабаев университетинин 
ректору, профессор Т.А.Абдырахманов