Доцент Казиева Гүлзат Качканаковна Ысык-Көлдө өткөн “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция катышып келди

    Педагогика факультетинин «Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы» кафедрасынын башчысы, доцент Казиева Гүлзат Качканаковна Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи“ санаториясында 2019-жылдын 28-29-майында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борболору” долбоорунун алкагында өткөн “Эрте курактагы балдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана альтернативдүү моделдери” аттуу республикалык конференция катышып келди.

Иш-чараны Кыргызстандагы Ага Хан Фонду, Улуу Британиянын Бишкектеги Элчилигинин (DFID) колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн.

Казиева Г.К. “Жаңы технологияларды колдонуунун тенденциялары жана мааниси”  темасынын алкагында Түркиядан алынган тажрыйбаларды (Жашыл ай федерациясы) Жайлоо өнүгүү борборлорунда колдонуу боюнчапрезентация жасады.

Иш-чарага КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева, Кыргызстандын жети дубанынын “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” жетекчилери, тарбиячылары, аймактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын, областтык методикалык билим берүү борборлорунун, бала бакчалардын жетекчилери, Кыргыз билим берүү академиясынын, Ага Хан Фондунун, “Кыргыз жайыты” Кыргызстан жайыт пайдалануучулар Ассоциациясынын, КЭМП Ала-Тоо коомдук фондунун, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун, Аскар Салымбековдун “Прогрессивдүү идеялар”фондунун өкүлдөрү, билим берүү тармагындагы эксперттер болуп, жалпысынан 200 ашык адам катышты.

Иш-чараны КР экс-Президенти Роза Отунбаева ачып, баланы өстүрүүдө биринчи 1000 күндүгү өтө маанилүү экендигин, ал эми балдардын буту басып, курсагы тойсо болду деген өтө эле туура эместигин, Кыргызстанда 800 миң бала, алардын ар бир үчүнчүсү жакырчылыкта жашап келе жаткандыгын айтып, элибиздин санына эмес, алардын ден соолугуна кам көрүү маанилүү жана балдарга эрте жашынан тарбия берүү, аларга жаңы технологиянын заманында маалыматка байытуу керектигин баса белгиледи.