Урматтуу биздин окуу жайдын студенттери! Студенттер арасында президенттик стипендияга сынак жарыяланды

    Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн президенттик стипендияга ачык сынак жарыяланды. Президент С.Жээнбеков 27-июнда «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


Стипендияга күндүзгү бөлүмдө билим алып, мыкты бааларга жетишкен, илимий изилдөө жана коомдук иштерди ийгиликтүү айкалыштырып, айырмаланган студенттер талапкер боло алат. 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жарыяланган сынакка байланыштуу бардык суроолорго Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет.

Байланыш номуру: (+312) 662842, 620465.