И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин деканы ардактуу наам менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык билим берүү, медицина, маданият, экономика, укук жаатында эмгектенип келе жаткан бир катар жарандар мамлекеттик наам-сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын катарында  И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин деканы  Байсалов Джоомарт Усубакунович да бар. Джоомарт Усубакуновичти "Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамын алышы менен куттуктайбыз!