И. Арабаев атындагы КМУда билим майрамы

2- сентябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда университетке тапшырган биринчи курстун студенттери ректор Төлөбек Абдырахманов баштаган окуу жайдын административдик жана мугалимдер жамааты менен болгон жолугушуусу болду.

Билим күнүнө арналган ал иш чарада ректор, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов студенттерге ийгилик каалап, мамлекеттин өнүгүүсүндө жогорку окуу жайларынын жоопкерчилиги жогору болушу керектигин белгилеп, ошондой эле, И. Арабаев атындагы КМУ заман талабына ылайык адистерди даярдоого мүмкүнчүлүгү бар экенине токтолду.

Ошону менен бирге эле, университетте эмгектенген

Лингвистика институтунун деканы,  филология илимдеринин доктору, профессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич, университеттин профсоюз уюмунун төрагасы Бектуров Эрмек Шакирович куттуктоо сөздөрүн айтышты.