Сынакка катышыңыздар!

“Макулдашылды”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев

_______________ 2019-жыл

“Бекитемин”

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Ж.Үсөн уулу

__________________2019-жыл

 

 “Тилим менен улутмун” аттуу студенттер аралык радиовикторинанын жобосу

 

  1. Жалпы маселелер

 

  1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз радиосу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте жаңы долбоор уюштурат.
  2. Долбоор викторина түрүндө өткөрүлүп, ага республика боюнча жогорку окуу жайлардын филологиялык эмес адистиктер боюнча билим алган студенттери катыша алышат.

 

  1. Радиовикторина бир айда 2 ирет жума күндөрү 16.00дөтүз ободо болуп, ар бир уктуруу 40 мүнөткө созулат.

 

  1.  Долбоордун максаты:

 

  • Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
  • Мамлекеттик тилди даңазалоо;
  • Жаштардын мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүсүнө өбөлгө болуу.

 

  1. Долбоордун жүрүшү:

Уктурууга 2 команда катышат. Ар бир команда 3 студенттен турат.

Турлар:

1-тур. Кыргыз тили тууралуу ар бир команда көркөм ыр окуп берет.

2-тур. Ар бир командага көөнө сөз берилет, катышуучулар чечмелеп, сүйлөм түзүп беришет.

Пауза. Түрмөк 3 мүнөт. (Кыргыз тили тууралуу маалыматтык түрмөк, рубрика).

3-тур. Командалардын бири-бирине суроо берүүсү. (Кыргыз тилинин тарыхы боюнча).

Пауза. Командаларды тааныштыруу, лайнер.

4-тур. Ар бир командага чачыранды тамгалар берилет. Белгилүү бир убакытта тандалган тамгалардан сөздөрдү жазуу керек. Сөздөрдү колдонуп, макал-ылакап, туруктуу сөз айкаштарын айтуу.

Пауза. 4-турга студенттер даярдык көрүп жатканда угармандарга дагы кыргыз тили тууралуу суроо берилип, уктуруунун соңунда жыйынтык чыгарылат. Жооптор СМС аркылуу кабыл алынып, командалардын таймашынын жүрүшүнө тоскоол болбойт.

 

  1. Жыйынтык:

 

  1. Ар бир оюндун жыйынтыгын атайын дайындалган эксперт чыгарып берет.
  2. Тандоо турунда жеңүүчү болгон командалар арасында улам кийинки айлампаларда таймаш жүрүп олтуруп жеңүүчү командалар аныкталат.

 

 

“Тилим менен улутмун” радиовикторинасынын жобосу КТРКнын www.ktrk.kgжана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайттарына жайгаштырылат.

 

Байланыш телефону:0706 556778, 0551 996517

Дареги:Жаш Гвардия 59