Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болду

Каныбек Исаков билим жана илим министри болду. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында колдоду.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетин жетектеп келген.

Каныбек Абдуваситович 1969- жылы 4- июнда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айылында жарык дүйнөгө келген.