Тил майрамын утурлай...

МТМИнин директору, Филология илимдеринин кандидаты, профессор Дюшембиева Айгүл Осмоновнанын Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата куттуктоосу

 

Урматтуу кесиптештер, урматтуу студенттер!

«Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгына билинбей эле мына быйыл 30 жыл болуптур. Ушул күнүңүздөр, тил майрамыңыздар кут болсун!!

Биздин элдин Медеткан Шеримкулов агай башында турган бир катар мыкты уулдары 30 жыл мурда эне тилдин тагдырына күйүп-бышып, келечегин ойлоп, нечендеген тоскоолдуктарга, бийликтин айрым өкүлдөрүнүн бут тосуусуна карабастан, чымыркана иштеп, мыйзамдын кабыл алынуусуна жетишишкен. Мыйзамдын шарттарына байланыштуу иш кагаздар болушунча кыргызчаланып, кыргыз китептеринин басылышына колдоолор көрсөтүлүп, кыргыз мектептери ачылып, алгачкы аракеттер башталган. Ал аракет 30 жыл ичинде канчалык натыйжа берди, аны баарыбыз жакшы билебиз. “Жакшы тилек – жарым ырыс” дегендей, алдыда дагы көп максаттар бар.

Дүйнөдө болгон 7 миң тилдин ичинен, азыркы маалыматтарга ылайык, ар бир эки жумада бирден тил жоголуп турган шартта биздин тилибиздин келечегин камсыздап турган кыргыз тилине байланыштуу сөздүктөрдүн түрлөрү, айтылуу “Манасыбыз” бар. Багыбыз бар, тилибиз сүйлөнүлүп, колдонулуп жатат, “Манасыбыз” айтылып жатат, кудайга шүгүр, бир ууч эл болсок да мамлекеттүүлүгүбүз бар.

Тилдин кийинки келечеги ар бирибиздин колубузда. Өзүбүз, үй-бүлөбүз тилге маани берип, андагы ар бир сүйлөмдү, сүйлөмдү тургай сөздү кемелинен кетилтпей сүйлөп, туура колдонуп турсак, сабаттуу, туура, көркөм жазганга аракеттенсек, жалпы коомдун тил жаатындагы ишине салым кошкон болобуз.

Тилге байланыштуу иш-аракетти өзүбүздөн баштайлы, эне тилибизде биздин балдар, неберелер эркин сүйлөсүн, ан үчүн элибиз тынч, мамлекетибиз бүтүн болсун!! Ушул чоң майрамдын алдында ушуну тилек кылам, жана ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм.