И. Арабаев атындагы КМУнун профессору Сыртбай Жолдошевич Мусаевдин Эне тилдин 30 жылдыгына карата куттуктоосу

 

 Кырыгыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекет катары жаралышын, түзүлүшүн жанан өнүгүп-өркүндөшүн камсыз кылуучу, анын келечек тагдырына жооп берүүчү улут – өлкөнүн түпкүлүктүү калкы кыргыз элинин улуттук тили, өнүккөн адабий тили жана мамлекеттик тили, дүйнөлүк маданиятка көчмөндөр маданияты деген ат менен белгилүү маданий дөөлөттөрдү жараткан эң байыркы элдердин бири болгон кыргыз элинин жалпы элдик тили, ошол эле учурда 5-6-кылымдарда Енесай алабында

Байыркы кыргыз жазмасы деген ат менен белгилүү өз жазуусун жараткан тарыхый элдин тили, 30 кылым, б.а. б.з. чейинки 10-кылымдан бери тарых барактарына жазылып, Улуу держава түзгөн элдин  эне тили.

Бул тилдин тарыхый тагдыры элинин тагдыры сыяктуу эле өтө татал, өтө сыймыктуу жана өтө даңктуу...

         Тээ байыркы доорлордон берки тарыхтын чоң баскан барактарында кыргыз эли менен катар үзөңгүлөш чыккан Гун, Усун, Сак, Скиф, Динлин ж.б.у.с. элдердин аты да, заты да тарых беттеринен өчүп, бүгүнкү күндө тарыхый аталышын Кыргыздар гана сактап калды. Бул үчүн биз, биринчи кезекте, ата-бабаларыбызга таазим этишибиз керек болсо, экинчи кезекте, кыргыз тилине таазим кылууга милдеттүүбүз.

Анткени биздин бүгүн 21-кылымда эгемен эл, күнкорсуз мамлекет катары жашап жатышыбыз, алды менен, тилибизге байланыштуу. Тил – мамлекеттүүлүктүн негизги атрибуттарынын бири.

Тилисиз мамлекеттин болушу мүмкүн эмес. Ошон үчүн өзүн сыйлаган, өсүп-өнүгүүнү каалаган эгемен Өлкө мамлекет түзүүчү улуттун адабий эне тилин мамлекеттик тил деп атап, ага саясий статус берет. Анткени тил В.И.Ленин аныктагандай “пикир алмашуунун эле маанилүү куралы”, эмес, тил – биринчи кезекте менталдык, когнитивдик каражат катары элдин дүйнө таанымын, аң-сезимин, акыл-эсин, тарыхый эпикалыкэстутумун жаратуучу, өнүктүрүүчү, калыптандыруучу улуу касиетке ээ күч, элдин эл катары башкалардан өзгөчөлөнгөн касиет-дөөлөттөрүн, кулк-мүнөзүн, жандүйнөсүн калыптандырган курал-каражат, муундан-муунга, укумдан-тукумга ата-баба калтырган рухий дөөлөт, мурас. Элдин рухий дөөлөтү, духу тилинде, тил  элдин духунда.

         Урматтуу кыргыз элим, өзгөчө жаштар!

Сиздерди ушул жылдын 23-сентябрында мамлекеттик деңгээлде белгилене турган улуу дата – Кыргыз Өлкөсүнүн мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракеси менен чын нээтимден куттуктайм.

Мындай куттуктоо айтууга менин ушул закондун тексттин кагаз бетине жазган биринчи адам катары, жарым жылдык талкуунун баарына активдүү катышкан жана ушул закон кабыл алынганда Жогорку Кеңештин сессиясына чыкырылган адам катары моралдык да, саясий да акым бар. Элибиз тилибиздин мамлекеттик тил катары өнүгүшүнө камкөрсүн, Өлкө башчысы, Өкмөт башчысы мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө шарт түзсүн, зарылчылык жаратсын, калган чиновник атка минерлер мамлекеттик тилде сүйлөгөндү, жазганды үйрөнүшсүн. 

“Тилди тим эле бир мүчө деп түшүнбө!

Тирүүлүктүн кыймылы бар күчүндө,

Добул, Жалын, Достук, Бороон, Өрт.

Баары, баары, “кызыл тилдин ичинде”.

         Урматтуу, жаштар өз тилиңерди урматагыла, сүйлөгүлө, кыргыз менен кыргыз кыргызча сүйлөшкүлө. Бул тил – ар бирибиздин атабыз, энебиз сүйлөгөн тил. Атаңды, энеңди танбагандай, чанбагандай эле эне тилиңерди да танбагыла, чанбагыла!