Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү

 

26- сентябрда И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйында 2019-2020- жылындагы университеттин Окумуштуулар кеңешинин иш планын бекитүү иши каралды. Окуу бөлүмдүн башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович окуу процесси боюнча кыскача баяндама жасады.

Ошондой эле жыйында буга чейин музыка кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу болуп келген Кыргыз Эл артистти Атайбек Бөдөшовду КРнын Жогорку Аттестациялык Комиссиясына “профессор” наамына сунуштоо, Кыргыз Эл баатыры, И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу Алымкулов Алиясбек Төлбашевичти “Социология” адистиги боюнча доцент наамына сунуштоо маселелери каралды.

Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо.

  1. Илимий китепкананын мүдүрү Давлетярова Нурила Айтбаеванын талапкерлигин “КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамын ыйгарууга сунуштоо.
  2. И. Арабаев атындагы КМУнун эмгек сиңирген ишмери наамына: Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын доценти Ш. Джумабекованы сунуштоо.
  3. И. Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору” наамына: Белгилүү уста,акын Шаршембиев Жылкычынын талапкерлигин сунуштоо.
  4. Басмага сунуштоо: Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын доц. м.а. С. Аманбаева, доцент Т. Шамурзаеванын  “Русский язык: как второй” аттуу окуу- методикалык куралын басмага сунуштоо.