КМУнун жыйындар залында шахмат боюнча мелдеш өтүүдө

28 сентябрдан бери Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйындар залында 1- октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата ардагерлер арасында шахмат боюнча Республикалык мелдеш өтүүдө.

Мелдеште 80 жашка чейинки 80 ге жакын ардагер күч сынашууда. Мелдешке катышкан инсандар ар кыл кесиптин ээлери. Мисалы, медицина тармагында эмгектенген дасыкан врачтар, мугалим, инжинер- техник ж.б. кызматтарда иштеген инсандар.

Катышкандардын арасында шахмат боюнча спорттун мастери, мастерликке кандидаттар да бар. 4- күнгө созулган шахмат оюну 1- сентябрь күнү жыйынтыкталмакчы.