Кыргыз кытай алакасы тууралуу жыйын өттү

2- октябрда И. Арабаев атындагы КМУда Кыргыз-Кытай мамилеси, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык алака тууралуу чакан жыйын болуп өттү.

Ага коомдук ишмер, ишкер Аскар Салымбеков, Кыргыз Эл артистти Болот Шамшиев, эксперттер Марат Казакпаев, Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Жогорку Кеңештин депутаты, коммунист Искак Масалиев ж.б. белгилүү инсандар катышышты. Жыйынды кытай мамлекетин жакындан билген эксперт Айдасов Айболот уюштурду.