Студенттер майрамдык кече тартуулап, мугалимдерди куттукташты

Университеттин География, экология жана туризм факультетинин студенттери 5- октябрь мугалимдер күнүнө карата башкы копустун чоң жыйындар залында концерттик иш- чара өткөрүп мугалимдерди куттукташты.

Ыр, бий, тамаша менен коштолгон майрамдык кечеге аталган факультеттин мугалимдери жана студенттери катышышты.