Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абыловичтин мугалимдердин кесиптик майрамына карата куттуктоосу

Ардактуу кесиптештер, Сиздерди 5- октябрь мугалимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн жаш жеткинчектердин сабатын жоюп, тарбия бергендердин майрамы. Бул күн жаштарга илимий билим берип, мамлекеттин интеллектуалдык ресурсун байыткандардын майрамы.

Коомубуздун өнүгүшүндө мугалимдердин орду ченемсиз экенин эч ким тана албайт. Кесибинин түйшүгүнө карабай жоопкерчилик алып, чын дили менен иштеп келе жаткан биздин мугалимдерибизге тереӊ ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү майрам күнүндө эӊ ардактуу кесип ээлерине бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк ынтымак-ырашкерлик, иштерине албан ийгиликтерди жана ар тараптуу бардарчылык жашоо каалайм. Жигердүү мугалим университетибиздин билим берүү ишиндеги жетишкендиги жана сыймыгы. Майрамыңыздар менен кесиптештер!