Тарыхчылар мугалимдер күнүнө карата иш чара өткөрдү

И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин студенттери 5- ноябрь мугалимдер күнүнө карата студенттердин колунан даярдалган тамак- аштардын көргөзмөсүн өткөрүштү.

Ал иш- чарага факультеттин мугалимдери жана студенттер катышып, даярдалган дастархондон даам сызышты. Майрамдык кече студенттердин маанайды көтөргөн ыр- бийи менен коштолду.