Студенттер таң эрте мугалимдерге жагымдуу маанай тартуулашты

4- октябрь таң эрте И. Арабаев атындагы КМУнун профессор Сыртбай Мусаев жетектеген Лингвистика жана Манас таануу институтунун студенттери университеттин мугалимдерине жагымдуу маанай тартуулашты. Кантип дебейсизби?

Студенттер башкы окуу имаратынын короосуна кыдырата шариктерди илип, ар бир кирип келе жаткан мугалимге куттуктоо баракчасын берип куттуктап жатышты. Таң эрте мындай жагымдуу маанайга туш болгон мугалимдер студенттерге абдан ыраазы болуп, ыраазычылыктарын билдиришти.