Мугалимдер күнүндө И. Арабаев атындагы КМУда салтанатуу чоң иш-чара болуп өттү


4- октябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залында 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу чоң иш-чара болуп өттү.

Иш- чарада университетте эмгектенген бир катар окутуучуларга университеттин грамоталары, айрымдарына Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы тапшырылды.
Ошондой эле айрым окутуучулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын грамотасы менен сыйланышты. Аларга сыйлыкты аталган комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев тапшырды.

Иш- чарада университетти бүткөн белгилүү инсандардын өмүр баяны, кызыктуу маектери камтылган “В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз- келиндер педагогикалык институтунун сыймыктуу бутуруучулөрү” деген атылыштагы китептин бет ачаары болду.

Салтанаттуу кечеге китепке кирген каармандар Жогорку Кеңештин депутаты Строкова Евгения,  СССРдин эл артистти К. Сартбаева, КРдин эл акыны Г. Момунова, КРдин элге билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Р. Айтматова,

КРнын маданиятынына жана илимине эмгек сиңирген ишмерлери С. Челпакова, А. Абдыгулова, Г. Молдоева, А.Нарбаева, илимдин докторлору жана профессорлору: К. Сариева, А. Калдыбаева А. Райымкулова, Н. Сартбекова, К. Төрөгелдиева, Ш. Кадырова, Ч. Тулеева, Э. Токсомбаева, С. Садыкова, Г. Орозова жана башкалар ардактуу конок катары катышышты.

Аларга университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү деген наам ыйгарылды.

Кечени кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал алып баруучулар Гүлшан Молдоева менен Алмаз Касымалиев алып барды.