КМУда дагы бир жакшы саамалык болуп өттү

И. Арабаев атындагы КМУда дагы бир жакшы саамалык болуп өттү. Мугалимдердин кесиптик майрамы болгон 5- октябрь күнү университетте эмгектенген мугалимдердин дээрлик көпчүлүгү окуу жайдын спорт залына чогулуп, дене тарбия боюнча көнүгүүлөрдү жасашты.

Эске салсак, быйыл Өкмөттөн “ЖОЖдор арасында спорттук иш- чаралар уюштурулсун” деген токтом чыккан. Аталган токтомду И. Арабаев атындагы КМУ биринчилерден болуп аткарды десек болот. Мугалимдер 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку болуп бөлүнүп,  ар кандай спорттук  көнүгүүлөрдү жасашты. Иш- чарага катышкан окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов мугалимдерди спортту сүйүүгө чакырды.

Ошондой эле саамалыкка университеттин окуу иштери  боюнча бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Жаштар иштери, дене тарбия боюнча проректор Мелис Оңолбаев, факультет декандары, кафедра башчылары да катышышты.