"Агартуучуларга алкыш" Дүйнөлүк тилдер гимназиясы

И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы  Дүйнөлүк тилдер гимназиясынын окуучулары 5- октябрь мугалимдердин кесиптик күнүнө карата “Агартуучуларга алкыш” деген аталыштагы концерттик кече өткөрүп мугалимдерин куттукташты. Концерт ыр- бий менен коштолуп, абдан жакшы маанайда өттү.