2017-03-13 00:00:00

КАЗАК УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ ЧТЖЭМ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ПРАКТИКАДАН ӨТҮШҮҮДӨ

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети Кыргызстандын жана Корея, Кытай сыяктуу чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз карым-катышта иш алып барып барууда. Андай иштердин алкагында студенттер жана магистранттардын тажрыйба алмашуусу, практика өткөрүүсү жүргүзүлүп келет. 20-февралдан баштап 28-февралга чейин Абылай Хан атындагы Казак университетинин Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер факультетинин магистранттары тажрыйба алмашуу үчүн КМУга келишкен. Магистранттар университеттин, факультеттин окуу залдарында өздөрүнүн магистердик иштери боюнча материалдар менен таанышып, лекцияларга киришүүдө.