2017-03-13 00:00:00

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАШТАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

Бүгүн КМУнун МТМТ факультетинде «Эне тил күнүнө» карата чакан иш-чара болду. Иш-чарада «Көркөм окуу» жана «Мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жаштардын көзү менен» аттуу акциянын жыйынтыгы тууралуу маселелер каралып, анда МТМТФнин студенттери кыргыз элинин белгилүү акындарынын «Эне-тилге» арналган ырларынан көркөм окушту.

Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Дүйшембиев Сүйүнбек Сманович бардык катышуучуларга ийгилик каалап, мыкты деп табылган студенттерге атайын кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.