2017-06-23 00:00:00

Көр тириликтин көркөм интерпретациясы

                                                           Абдил Шерматов

Абдил Шерматов 1942-жылы Талас областынын азыркы Манас районунун Манас айылында туулган. Айылдын Чоң-Коргон орто мектебин, Ысык-Көлдөн Пржевал мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Кесиби – филолог. Мектепте мугалим болуп, ЖОЖдордо дарс окуган.

 

 

 

Көр тириликтин көркөм интерпретациясы

        Ушу тапта жүрүп жаткан кыргыз коомундагы өзгөрүүлөр адабий процесске да олуттуу таасирин тийгизгенин байкоо анча деле кыйын эмес. Жашоо тиричилиги рыноктук түр-түспөл ала баштаган элдин эпчил өкүлдөрү баарын сатыкка койгон сыңары, рухий ишмердик менен алектенгендер да ар кандай тематикада, жанрда, көркөмдүктө жараткан продукцияларына товардык статус берип чыгара башташты. Бирок жаныдан түптөлүп жаткан өлкөбүздө, маселен, китеп чыгаруу тармагында, аны аземдеп басып чыгарып, анан анын алармандарын таап, акчага айландыруу индустриясы өнүкпөгөндүктөн, ошол басылмалар же авторунун ажаатын ачканга жарабай, же жапайы рынокту жандандыра албай текчелерде чаңга чакап турушат. Алардын ары жагын, бери жагын териштирип-тескеген, булардын кайсынысы чыныгы искусство чыгармасы, кайсынысы «халтура» экенин ишендире тургандай аныктап, китептер деңизиндеги көздөн далдаа аска таштардан абайлап өткөрүп, эстетикалык ырахат берүүчү жана рухий-нравалык тирек болуучу чыгармалар дүйнөсүнө алып бара турган адабий сындын капитандары азырынча горизонттон көрүнө элек.

Дегинкиси, адабий-көркөм чыгарма – бул, сөздүн тар маанисинде алганда, искусство чыгармасы. Жаңылбасам муну ушул терминдин маанисин ар тараптан чечмелеген орус окумуштуусу Г.Н.Поспелов айтса керек эле. Ал эми искусство болсо коомдук аң сезимдин формаларынын бири, адам баласынын рухий ишмердигинин өз алдынча формасы катары белгилүү бир эмоционалдык-ойломдук мазмунду жана айрым идеялык-эмоционалдык комплекстерди образдуу, эстетикалык жактан маанилүү формада туюндуруп берет. Адабият таануу жаатында бедели ашкере бийик окумуштуу М.М.Бахтин айткандай, көркөм чыгарма – бул жазуучунун, акындын «дүйнө жөнүндөгү сөзү» жана көркөм талантка эгедер личносттун өз айланасындагы турмуш чындыгын таасирленип кабылдоо актысы.

Ушул өңүттөн алып караганда кырк жылдан бери адабият майданында мээнетттенген Өмүрбек Караев деген жазуучунун «дүйнө жөнүндөгү сөзү» окурмандарына олуттуу таасир берсе керек. Болбосо анын чыгармалары ар кайсы тилдерге которулуп, ара-чолодо «Арча» эл аралык сыйлыгын алып, айрым аңгемелери ар кайсы басылмалардан, Интернет порталдарынан кайталанып чыкмак эмес.

Жакында жазуучунун «Таймаш» жыйнагы (2015-ж. Б: «Турар») колго тийип калды. Ошонун алдында ал жөнүндө басма сөздө («Ала-Тоо», №11,2016) айтылган жылуу пикирди да окуп жибергенбиз. Чынында эле «Таймашта» күтүүсүз ойлорго жем таштаган, пародоксалдуу көрүнүштөрдү чагылдырган моменттер бар экен, ошого бүйүр кызып, пикир жазууга оолугуп алдым. Бирок адабий чыгарманы ары калчаган, бери калчаган айгашка сынчы болбогондон кийин, канча оолуксаң да жүрөкзаада болбой койбойт экенсиң. Абай салган кишиге аным жазгандарымдан байкалат.

«Таймаш» жыйнагы, негизинен, конкреттүү-тарыхый тематикада жазылган. Анда постсоветтик доордогу социалдык-тарыхый окуялар жана ошол чөйрөгө тийешелүү ар кандай типтеги персонаждардын мүнөздөрү чагылдырылган. Айталы, ушул жыйнагында социалдык-маданий проблемаларды кабыргасынан койгон автор коомубуздун башкаруу структурасында ар кандай кызматтык тепкичтерди ээлеген чиновниктердин образын ачып көрсөтүүгө көбүрөөк орун бергени байкалат. Жазуучунун «Оомал-төкмөл дүйнө» аңгемеси айылдык кызмат иерархиясында жогорку тепкичте турган Арууке аттуу бир кездеги чиновникти, тагыраак айтканда – башкарманы – о дүйнөгө узатуу аземин сүрөттөө менен башталат. Бирок, өлүк каадасы жасалып бүтүп, маркумдун аласа-бересесине келгенде, Калкожо деген карыя аласасын айтып жар салат. Сыртынан караганда осолдук сыяктанып көрүнгөнү менен бул рельефдүү эпизод аңгеменин көркөм структурусында өлгөн адамдын чыныгы моралдык-нравалык жүзүнүн кандай экенин андан ары ачып берүү үчүн кызмат кылганын көрөбүз. Аңгемени ары улантып  окуганда биз Арууке чарбаны жөндөп уюштура албаган жетекчи экенине, шалакылыгынан тоют жетиштүү даярдалбай, кышында колхоздун кою кырыла баштаганына, өзүнүн жөндөмсүздугүн элдин эсебинен жаап-жашыруу үчүн, алардын чөбүн шылтоолоп алганына күбө болобуз. Элден экинчи ирет чөп чогултуп киргенде, бербейм деп чыккан курдашы Калкожону: «Колхоздун малына шек келтирген саа окшогон саясий жактан мүчүлүш бузукуларды эл арасынан дагы бир жолу тазалоого мезгил жеткен экен…»- деп зекип, камчы менен эсин оодара чабат. Ошол запкыдан оңоло албай жатканда, түндө келип, Калкожонун колун кишендеп, камаганы алып кетишет. Өз башын аман сактап калыш үчүн кенедейден бирге өскөн курбусун каматкан Арууке өзү да камалат.

Ушул чакан айылдын чарбасын жүргүзө албай чак-челекейин чыгарган адам өзүн мамлекеттин камын ойлогон жетекчи катары көрсөтүш үчүн өзүнүн талабын аткарбагандарга ошол кездеги саясий «моюнтурукту» иле койгонду курал кылып алганын окуганда, анын өз элинин, өз жеринин кадырын, баркын билеринен шектенип кетесиң. Ал эми аңгеменин финалында өзү каматып жиберген курдашын көргөндө, кылган күнөөсүнөн уялып, кечирим сурагандын ордуна Аруукенин: «Аман-эсен экенсиң, ошого шүгүрчүлүк деш керек», - деп камкорсунган мамилеси анда уят-сыят дегенден эч нерсе калбаганынан, анын эч бир ыйык нерсеси жок экенинен жана бетсиздигинен кабар берет. Мындайлар бөлүп-жарууга, бүлүнүүгө гана алып келиши мүмкүн.

Аруукенин антиподу Калкожо деле жыргап кеткен адам  эмес. Тиричиликке бүйрө, чарбачылыкка камбыл болгону менен, каргашалуу катаал кышта жалдырап чөп сурап келген  кошунасына он  боо чөптү ыраа көрбөй коёт, анан аргасыздыктан союлган алардын койлорунун бекер этинен баш тартканга эрки жетпей, жеп коёт. Бирок Калкожонун Аруукеден айрымасы – ал ошол катуулугунан, сараңдыгынан уялып, тигилердин бетин карай албай жаны эзилип өлбөгөн төрт шыйрагы калат. Арууке чөбүн тартып алып, сабап кеткенде чоңдорго арызданам деген аялын катуу зекип тыят. Анткени ал бала кезден бирге өскөн курдашынын үстүнөн ушул арзыбаган иш үчүн арызданганды, чуу көтөргөндү өтө төмөнчүлүк деп эсептейт. Ошентип, автор алдыңкы планга адамгерчиликти жана гумандуулукту чыгарат. Аңгемеден ала турган нравалык сабак мына ушулар.

Аңгемеде автор каармандарынын образын реалисттик искусствонун мыйзамдарына ылайык жаратканын да айта кетүү  керек. Белгилүү го, көркөм чыгармада реалдуу турмуш чындыгы автордун жандуу кабыл алуусу аркылуу иргелип, кайра жаратылат. Анан ошол ойдон жаралган көркөм дүйнөдө сүрөттөлгөн образдар жазуучунун кошумча-алымчаларына учурап, типтештирилет да, куду реалдуу турмушта жашаган реалдуу адам катары кабыл алынат. Ө. Караев жараткан Арууке менен Калмырзанын образына мына ушул касиеттер мүнөздүү. Ошондон улам алар бизди ар кандай эмоционалдык абалга туш кылып, таасир берет жана кошо кыжалат кылат.

              Жыйнактагы «Тогуз-Булак баяны» жана «Багван чалдын тагдыры» аңгемелеринде да мамлекеттик бийлик системасында өзүнчө бир таптык катмарды түзгөн ортоңку звенодогу чиновниктер менен карапайым калктын ортосундагы конфликттүү мамилелер темасы көркөм анализге алынат. Бирок ошол мамилелер аркылуу Ө.Караев ушуга чейин эч бир тармакта изилдөөгө алынбаган коомубуздагы олуттуу социалдык-кубулуштардын табиятын биринчи жолу өз чыгармаларында кашкайта ачып берет.

«Тогуз-Булак баянында» Балбак деген карыя огородунун башындагы булактын суусун түтүк аркылуу алып кетүү үчүн атайын техника менен келген бригадага бул менин ата-бабамдан калган булак деп, казуу иштерин жүргүзбөй коёт. Алар карыянын аргументтерин этибарга албай, колдорундагы документти бетке кармап, ишке киришет. Жаны кашайган жана  чоң атасынын «арбагы» айткан сөздөрүнө шерденген Балбак карыя үйүнөн мылтык алып келип, бригаданы кубалап жиберет. Ушинтип конфликт башталат. Ошол чатакты териштириш үчүн укук коргоо органдарынан жан-жөкөр алып, партиянын райкомунун экинчи катчысы келет. Бул кайра куруунун шарапаты.

          Ушул жерден Ө. Караев ошол кездеги коомдун саясий-нравалык деңгээлин Балбак карыя менен катчынын кайым айтышына катышкан адамдардын репликасы аркылуу жандуу, элестүү сүрөттөп берет. Бизге, бала-чакабызга зыяны тийип калбасын деп майда мүдөө менен жашаган көз карама жалтак адамдардын түнт токойдой түркөйлүгүнө, катчынын көзүнчө аны басмырлап, жагалданып жаткандарына зээни кейиген Балбак карыя көчүгүңдү кысып жүрбөйсүңбү деп кошоматтанган Шапак чалга: «… сага окшоп көчүк кысып жүргөндөрдүн азабынан адырлуу тооң томсоруп, айдың талааң арыктап бүткөн кез. Ошо сага окшоп көчүк кыскандардын айынын бар байлыгың талоонго учурап, ач-жылаңач каларыбызга аз калды», -деп, кул сыяктуу кулдук урма коомду, башкалар эмне болсо ошо болсун, өзүбүз аман болсок болду деген адамдарды «жаакка чапкан» сөздү айтат. Анан жергиликтүү бийликтин кылганын өкүмзордук катары кабыл алып, ызаланган карыя чындык издеп түз эле Жогорку Кеңештин төрагасына барат. Андан да колдоо таппай, бийликке, балдарына, өзүнө нааразы болуп үйүнө келет. Бирок огороддун башындагы булакты бекеринен Тогуз-Булак деп аташпаптыр. Ошонун бир булагы ачылып, Балбай карыянын бардык ызасын унуттурат.

            Аңгеме шыдыр окулган, ширелүү тил менен жазылган. Каармандардын тигил же бул кадамдары окуянын логикасынан агылып чыгат. Ошон үчүн анда катышкан персонаждардын образы ишенимдүү жана таасирлүү. Маселен, Балбак карыянын казуу иштерин жүргүзүү үчүн келген бригаданы кууп-жибергенден кийинки ичинен уйгу-туйгуланган, алда эмне болуп кетет деп кооптонгон абалын, ошондон улам майда начальниктерге барбай, чабандыктан Жогорку Кеңештин төрагалыгына көтөрүлгөн адамга үмүт артып барганын Ө.Караев психологиялык жактан чебердик менен негиздеген. Аңгеменин көркөм структурасына киргизилген Балбактын чоң атасынын «арбагынын» сөзү сыяктанган фантасмогориялык деталь дагы ошондой аң сезимдин чегинде ойлонгон, кандайдыр бир чечим кабыл аларда кимдир-бирөөнү караан тутканга көнгөн адамдын образына көбүрөөк мүнөздүү. Ушундан улам автор жараткан образдар реалисттик түр-түспөл алып кетет. Анткени автор аларды алдын ала жаман же жакшы дебейт, алардын кандай адам экени жасаган кадамынан, алган чечимдеринен көрүнөт. Реалисттик образ деген татаал биримдик. Мындай биримдиктеги образ шартка жараша бирде позитивдүү, бирде негативдүү формада көрүнө берет.

               Кийинки «Багван чалдын тагдыры» аңгмесинде да чиновниктер менен карапайым адамдардын ортосундагы конфликттик мамилелер темасы улантылат. Бирок мында автор бүгүнкү күндөгү чиновниктердин ишмердигиндеги жаңы мүнөздүү белгилерди ачып берип, бул теманы көркөмдөп изилдөөнү жаңы тепкичке көтөргөн.

         Аңгеменин баш каарманы Жумаш деген абышка. Илгери орустардан чоң атасына, андан атасына калган алма багына ээлик кылып, жан сактаган адам. Өз тагдырына өзү ыраазы болуп жашап жаткан күндөрдүн биринде, бизнесмен эки жигит жеңил машине менен келет. Алар Ө. Караевдин ушул жыйнагындагы «Ээр чапкан адам» деген аңгемесиндеги бирөөнү алдап иштеткенди олжо көргөн примитивдүү Макенге окшобойт. Кийингендери жарашыктуу, сылык сыпаа сүйлөшөт. Көчө тараптагы алма дарактарын сатыңыз, акчасын берели дешет. Макул болбой койгон Жумаш абышка бир жумага айылчылап кеткенде, көчө тараптагы 20 түп алманы кесип алып кетишет. Көргөндөрдүн айтымында бул өкмөттүн тапшырмасы менен болгон имиш.

             «Өкмөттүн тапшырмасы менен» деген сөздөрдү укканда, ууруларды таптырам деп кыйынсынып жаткан аким заматта өзгөрүлүп, милицияга кайра абышка кеткенден кийин телефон чалып, тапшырманы алдастабай этият кароону дайындайт. Жоопкерчилик эми алардын мойнуна илингенинен  кыжалаттанган милиция жетекчилигинин айласы кетет, абышканын аргументтери күчтүү. Ишти жаап коёлу десе, тапшырманы аткарбай кары кишини убара кыласыңар деп аким асылат, аткаралы десе бул уурулукка таасирдүү адамдардын тийешеси болуп жүрбөсүн  деп чоочулашат. Анан кызматкерлерди эртең жиберем деп, абышканы жөнөтүшөт. Эртеси жаратылыш коомунан келдик деген эки жигит сиз алма дарагын уруксатсыз кесип саткансыз деп кары кишини опузалап, актыга кол койдуруп алышат. Ошентип, ууруну издеген Жумаш абышка өзү ууруга айланат да, чоңдорго арызданып барганын токтотот.

          Арийне, карган адамды жок жерден айыпка жыгуунун өзү акылга сыйбаган нерсе. Бул абсурд. Мындай көрүнүш кара башын сакташ үчүн жасалган ар кандай арамзалык, эки жүздүлүүк жана жоопкерсиздик коомдук моралга айланган чөйрөдө чачырап тамыр жаяры белгилүү. Мындай типтеги чиновниктер «Оомал-төкмөл дүйнө» аңгемесиндеги Аруукедей эмес, булар митайымдыкты, интриганы адамдар ортосундагы мамиленин универсалдуу элементи катары колдогондугу жана «элим», «жерим» деген экиленме сулуу фразаларды жамынгандыгы менен башкалардан айрымаланат. Жумаш абышканын жана «Талды-Булак баянындагы»  Балбак карыянын иштери оңунан чыкпай, убара тартып жатышкандары да ошондон. Анткени ал экөөсү ушундай коомдук атмосферада өмүр бою басмырланып жашаган жана жарандык укук, анын юридикалык базасы сыяктуу түшүнүктөрү өнүккөн эмес. Ошонун айынан же жазган арыздарына, же сөздөрүн ырастаган документтерине таянбай, маселени стол кучактап отурган жетекчи эле чечип коёт деген түркөй ойго жетеленип, куру убара болушту. Мындай рухий көрөңгөсү төмөн коомдо өр талашкан өнүгүү болбой турганы, ал коомдогу жаратмандык ойлорду тушап, анын алдыга жылышына тоскоол болору. Караевдин аңгемелериндеги образдардан жана алардын парадоксалдуу сыяктанган иш аракеттеринен элестүү жана жандуу көрүнүп турат.

      «Таймаш» жыйнагындагы «Куурап калган мажүрүм тал» жана «Өткөн экен бир өмүр» аңгемелери кыргыз коомундагы талылуу социалдык-маданий проблемаларды көтөрүп чыккандыгы менен өтө маанилүү десек аша чапкандык болбойт. Мында этникалык иденттүүлүктүн деформациялана баштаган белгилери жаңы социалдык шартта калып алган улуттук мүнөздө кандай формада көрүнүп жатканы алдыңкы планга чыгып, ал көркөм сүрөттөөнүн предметине айланган.

        «Куураган мажүрүм тал» деген аңгеме болгону бир барактын эки бетин ээлейт. Анда бир дагы персонаждын аты аталбайт. Териштире тургандай деле сюжет жок. Бирок ушул кичинекей аянтка автор бүгүнкү күндөгү кыргыздын жалпыланган образын монументалдуу чагылдырууга жетишкен.

     Белгилүү го, искусстводо, асыресе адабиятта чагылдыруунун жана сүрөттөөнүн күчү өзгөчө болгондуктан, турмуш куду реалдуулук турпатында кабыл алынат. Так ушул реалдуулук иллюзиясы-көркөм чыгарманын уникалдуу касиети, мындай касиет коомдук аң сезимдин бир да формасына мүнөздүү эмес. Орустун адабиятчыларынын бири адабий чыгарманы бекеринен «кыскартылган  аалам» дебесе керек. Ө.Караев да ушул чакан аңгемесине «кыргыз ааламынын кыскартылган протреттик мүнөздөмөсүн» батырган.

          Сүрөттөлүп жаткан турмуштун фонунда жаңы курулган көп кабаттуу үй, жайната отургузулган жаш көчөттөр, эйфорияга ээликкен эл, бир түп мажүрүм талга кыбырап «баласындай бапестеп» суу куюп жүргөн татар кемпир. Бул көрүнүш заматта жаңыдан түптөлүп жаткан жаш мамлекетибиз менен ассоциацияланып кетет да, аң сезимибизде ошонун символуна айланат. Анан адегендеги көз кубанткан фондо карааны сүйкүмсүз калдайган көп кабаттуу үй, куурап чүрүшкөн көчөттөр, көгөрүп турган жалгыз мажүрүм талдын көлөкөсүнө додолонуп карта ойногон эл, ошолордон коомайланып, мажүрүм талга суу куйган татар кемпир. Тиги жалкоолугунан жаш көчөттөрдү кууратып жибергени аз келгенсип, бүрдөп турган жалгыз талдын түбүн таптаган бекерпоздор: «Мындан башка кылар иши болбосо, эрмеги ушу да»,- деп татар кемпирге сынтагышат.

             Иштеп жаткан кишини камкорсунган түр менен шакабалоо өнөкөтү өлүмтүгүн артма (иждивенческая) бекерпоздордун психологиясына мүнөздүү. Мындай адамдарда бирине бири таянган, бирин-бири чын-туурасына карабай колдогон «үйүрлүк ойлом» басымдуулук кылат. Алар чымырканып ойлонгонго, жанын үрөп эмгек кылганга көпчүлүк учурда жөндөмсүз келет жана аларда мекенин, элин жана өзүн баалоо критерийи төмөн болот. Алардын өздөрүндөгү ошондой рухту мокоткон социалдык инерттүүлүккө, кайдыгерликке, маңкуртчулуукка алып келүүчү  сапаттарды актай турган мотивациялары даяр: тиккен көчөттөр куураса куурасын. Огород куурабаса андан ары. Өлкө куурап жатабы? Анын буга кандай тийешеси бар? Жан бага албай калмак беле. Казахстанга барып, кой кайтарат, эгинин багат же Россияга барып көчө шыпырат, ажаткана тазалайт, кулдай болуп курулушта иштейт. Курсак тоюп, жанга жайлуу болсо болду, ошол жерде калып калат.

         Ушундай жашоо стереотиби турмуштук кадамдарын аныктаган жана улуттук көөнө белгилери үбөлөнүп бараткан адамдардын портретин Ө.Караев: «Куурап калган мажүрүм талдын болор-болбос көлөкөсүн бири-биринен талашып, бири-биринен кызганып, тымызын талашкан амалдары бир укмуш. Ошо кездеги дулдуюшкан эркектердин кебетесин көрүп ал: сарыларынан салаалап тер кетип, быштактай эзиле баштаган, караларын каратер басып, күнгө жүздөрү айдалган аңызгы окшош, шелпейип шляпа, шапке кийгендери бар, алардын мээси эзилип кеткен», - деп сүрөттөйт. Бул кыргыз аттуунун баарына тааныш портрет. Жакшылап караса мындан ар бир кыргыз өзүнө мүнөздүү белгилерди таба алат. Билген кишиге ушул кичинекей аңгемеде биздин ким экенибизди жана кандай сапаттардан арылышыбыз керектигин мээге сайып көрсөтө турган күч бар. Биз аны чычалабай, терикпей угууга, моюнга алууга эркибиз жетеби – маселе ушунда.

             Ал эми оорунун айынан суу куйбай, мажүрүм талды кууратып алган татар кемпирдин: «…. кошуналарым ысыктын күнүндө көлөкө жок куурашпайт эле», - деп аяган сөзү: «Кыргыздар өз жерин өгөйлөгөнүн коюп, өркүндөгөн мамлекети бар эл болуп кала алабы?» - деген тагдыр чечер тарыхый суроону коюп, келечектен кабар билдирген коңгуроо сыяктуу угулат.

       Кийинки «Өткөн экен бир өмүр» аңгемесинде ушул тема улантылат жана тереңдетилет.

         Аңгемеде сүрөттөөгө алынган объект – кыргыз айылдарынын бири, мындайча айтканда Кыргызстандын айыл формасындагы кичинекей модели.  Ал уполномочундун келиши менен жанданат, кимдин ким экени билинет. Окуя аты аталбаган, бирок бийликтин символу катары берилген уполномочундун буйругунан кийин курчуп, татаалданып өнүгөт. Анын максаты ушул айылдан бир оппортунистти ушул айылдын башы-көзүбүз деген жетекчилерине таптырып, ошолордун колу менен карматып, алып кетүү. Бул милдет айыл кеңешинин төрагасы Мергенбайга жүктөлөт.

Аңгеме бир караганда кыйкымчыл окурманга пародоксалдуу көрүнүшү, кантип эле окуя ушундай схемада өнүгүп бүтүп калсын деген ой келиши да ыктымал. Мында көркөм чыгармадагы шартуулукту эстен чыгарбашыбыз керек. Белгилүү го, көркөм дүйнө шарттуу түрдө турмуштук реалдуулукка окшош. Ошол эле мезгилде шарттуулуктун даражасы жана ченеми ар кайсы чыгармада ар кандай болору да белгилүү, тагыраак айтканда шарттуулук даражасына жараша дүйнөнү сүрөттөөнүн турмушка окшогон жана фантастика сыяктуу түрлөрү бар. Сөз болуп жаткан аңгемедеги ушундай схемалуулукта чыгарманын негизги идеясы, башкача айтканда өтө татаал коомдук мамилелердин орбитасындагы адамдардын моралдык, нравалык жана психологиялык образын ачып берүү алдыңкы планга чыгарылат да, ошол схема окуяга фон катары гана кызмат кылат. Анан көркөм анализге алынган персонаждардын образы канчалык терең жана реалдуу ачылса, анын фонундагы турмуш да ошончолук реалдуу түр-түспөл алып кетет. Маселен, аңгемедеги эч кимди көзүнө илбей, эч бир аргументти укпай мурда даярдалган чечимин кың дебей аткарууну талап кылган, аны аткарбагандарды тергеп-тескебей эле тагдырын өзү чечип койгон буйрукчул, зордукчул бийликтин символу катарындагы уполномочундун кескин, коркутуу-үркүтүү формасында берилген речтик мүнөздөмөсүнүн  жана айыл активдеринин клеткадагы тажрыйба жасалчу коёндордой абалынын таасиринен  улам совет мамлекетинин 30-жылдардагы «кызыл террор» деп аталган мезгилиндегидей түшүнүктөр жана сүрөттөр биздин эс тутумубузда жандандырылып, анын мифтештирилген элеси ушул аңгемедегидей схемалуу түспөл алат.

         Бирок Ө.Караев чыгармасында улуу өлкөнүн ошол канга боёлгон каргашалуу жылдарын сүрөттөп, ошол кездеги бийлик системасын ашкерелейин деген максатты көздөгөн эмес. Аны тарыхтын ошондой трагедиялуу сыноосуна туш болгон адамдардын тагдырын көркөмдөп ачып берүү жагы кызыктырган. Белгилүү го, адам аттуунун моралдык духу, нравалык сапаты жана социалдык активдүүлүгү башка түщкөн кыйынчылыктарда өзгөчө даана көрүнөт. Тилекке каршы биз Ө.Караевдин аңгемесинен бу дүйнөдөн караманча кабары жоктой көрүнгөн билимсиз, өз ишин оңдуу билбеген түркөй жана бийликке жасакерленип, ырайым күтүп жашаган бечара адамдардын типтерин жолуктурабыз. Алардын алдастап, уполномочунга каяша айталбай, кулдай кулак жапырып, анын айтканы менен болуп жатканына бир туруп бооруң ооруп аясаң, бир туруп жийиркенип жиниң келет. Деги бул адамдар кайдан чыккан? Булар канткен менен ушул айылдын элитасы го? Уполномочунга бүжүрөрдөн мурда ага: «Өкмөткө душмандык кылганынан, оппортунист экенинен шегиңиз бар адамды бизге көрсөтүңүз, биз кармаганга жардам берели», - дебейби жок дегенде. Анткендин ордуна эч кимге зыяны жок, эптеп күнүн көрүп жүргөн айылдын четиндеги Момун деген бечараны оппортунист кылып, уполномочунга өз колдору менен короодогу козуга окшотуп салып беришет.

    Ырас, адегенде кичине моюн толгомуш болушуп, каршылыктын жышаанын көрсөтүшөт. Бул кеп кыла тургандай деле каршылык эмес, бул бири-биринен жоопкерчиликти бөлүшкүсү келбей, бири-бирине жүктөгүсү келген жандалбас. Анан коркунуч баарынын башына түшөрү билингенде, шарт эле монолиттүү боло калышып, бийликке жакшы көрүнүүгө өтүшөт. Ушинтип шартка ыңгайлашып жашаган, жанына күч келгенде жазыксыз адамды кылмышкер кылып жиберген арсыздардын аргумент сыяктанган айла-амалы, философиясы аңгемеде мындай деп берилет: «Эл башына каат түшүп турганда, жалпы журт үчүн бироө курман болуусу ылайык».

    Өздөрүнө «эл» деген атты энчилеп алышкан ушул бир ууч элита сөрөйлөр кандай ыпылас иш жасаса да, кандай мыйзамсыз кадамдарга барса да эл үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн деп, элдин көөнөрбөс баалуулуктарын бетке кармап, манипуляция жасаганды кайдан үйрөнүшкөн? Же кыргыз коомучулугуна илгертен эле ушундай демагогдор, ушундай нравалык чек арасы талкалангандар бийлик кылып келгенби? Аңгемени окуп бүткөндө ушундай ойлордун жээкти жемирип кетчүдөй толкуну жан дүйнөңдү бир чайпап өтөт. Ал эми дегдеңдеп жетеленип келип, арабага бүрүшүп отурган Момун чалды көргөндө жана уполномочундун кабарын угары менен үйлөрүнө, конулга киргенсип, житип кеткен элди көргөндө: «Ушул кыргыздар менин элимби, ушул көзүн жылтыратып кымырынып отурган чыканактай кыргыз менин улутташымбы?» - деген ызалануу, басынуу жана кордолуу аралашкан ойлор алтымыш эки тамырыңды сыздатып, үшкүрүккө үйүр кылат. Ошондо тээ аң сезиминдин түпкүрүнөн туталанган намысың атырылып чыгып, адамдык наркын жоготкон, ар замандан бир заман намыс-ары тебеленип, жашоодон жатыркап, тышкы таасирлерге реакция кылуу иммунитетинен ажыраган улутташ, урукташ пендени көрүп, ай талаанын айды карап улуган ач бөрүсүндөй ичиңден өңгүрөп, улуп-уңшугуң келет. Ушул туңгуюкка камалаган түркөй пендени аяйсың, өчөйүп өмүр өткөрүп жаткан өзүңдү аяйсың. Каңырык түтөп, алкымың буулат: «Айланайын кыргызым ай! Айланайын! Качан тизеңден өйдө туруп, боюңду түзөйсүң, качан өркөнү өскөн элге тең болуп, теңата болуп жашайсың? Же өзүңө, же өлкөңө кубат берчү эмоционалдык демиң жок, же келечегиңди келиштире кура турган идеалың жок ушул азгантай колу туткак, иштин көзүн билбеген, ошонусун жаап-жашыруу үчүн ар кандай мифтерди ойлоп таап, элдин башын айландырган, кайрат-кадыры камгактай манипуляторлордун аңыздантып айткандарына оозуңду ачып, бу дүйнөдөн чөгөлөгөн бойдон өтүп кетесиңби?»

    Мындай кейиштүү ойлор аңгеменин финалындагы аянычтуу эпизоддун таасиринен улам чыгып жатканын да айта кетүү керек.

          Активисттер оппортунистти колуна салып берип, көңүлүң жайлап койгон уполномочуң менен оппортунист – Момун түшкөн арабаны айылдан узата бергенде, жылаңайлак-жылаңбаш, жаланкат чыт көйнөкчөн, көзүнүн жашын көлдөткөн Момундун кызынын атакелеп боздогон ыйы бу дүйнөдө элин жардылыкта кармап, кул катары басынтып кордогон наадан бийлик жана башкаруучулардын пикирин ойлонбой сокур ээрчиген, жарандык түшүнүгү тар, майда мүдөөлүү адамдар улуттук лидердин ордун ээлесе, коомдо ушундай трагедиялар болуп турарын эске салат. Ошондон улам бир үй-бүлөнү көз көрүнөө кан жуткан кайгыга туш кылган руху сенек, жан дүйнөсү жарды бийлик өкүлдөрү ал ыйды көнүмүш көрүнүштөй этибарга алышпайт.

          Ушул жерден Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы маңкурт тууралуу легенда эске түшөт. Анда кыргыздарга душман жуанжуандардын колуна түшүп, маңкуртка айланып, эс тутумунан ажыраган баласын издеп тапкан, анан баласынын эстутумун калыбына келтирем деген, бирок кожоюнунан башканы укпаган, кожоюнунун гана буйругун аткарган адам сөлөкөтү бар маңкурт баласынын колунан өлгөн Найман апа жөнүндө айтылат. Момундун кызынын ыйы куду ошо Найман апанын ээн талаа, эрме чөлдө карачечекей баласынын ким экенин эсине сала албай сыздаган муң зары сыяктуу угулат. Момундун кызынын жер жаңыртып зарлаган ыйы тирүүлөй өлүмгө алып бараткан атасынын жазыксыз экенин эл жакшыларынын да, бийлик өкүлүнүн да эсине сала албады. Найман апанын баласын го жуанжуандар эстутумунан ажыратып, айбан сымал маңкуртка айландырган. Момунду көз көрүнөө өлтүргөнү жаткандарды ким эстутумунан ажыратып, ким кадимки ырайымсыз канкорлорго айландырган?

   Муну көпчүлүк убакта тоталитардык системага шылтап коюу менен чектелишет. Мындай мамиле нравалык жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн оңой жолу. Анда биз эң башкы нерсени - ошол системаны мактап, ага кошомат кылып, көлөкөсүнө сыйынып, анын жасоолу болуп бергенге даяр Мергенбайлар сыяктуу адамдык материалдарды көз жаздымында калтырабыз. Андай системаны түшүнүү үчүн анын пайдубалын түзгөн материалды анализге алуу өтө маанилүү. Ө. Караев аңгемесинде сүрөттөп берүүнүн ушундай ыкмасын тандап алган жана ошондой коомдун табиятын ачып берүү аракетин жасаган. Окуяны эсте каларлыктай көркөмдөп, рельефтүү кылып берүү үчүн адам табиятына жат, айбанчылык сыяктанган көрүнүштөрдү автор гиперболизациялаган жана жалпылаштырган. Ошондон улам чыгармада бийлик да, Мергенбайдын тегериндеги айыл активдери да, конкреттүү ысым менен мүнөздөлүп берилбей, жалпылаштырылган символикалуу ат алып калган. Сүрөттөөнүн ушундай формасы аркылуу Ө.Караев кул сыяктуу күлк мүнөзү бар кыргыздарды тарых күзгүсүнөн өзүн өзү караганга, өзүн өзү тааныганга аргасыз кылуу максатын көздөгөн жана ал кандайдыр бир деңгээлде көздөгөн максатына жеткен.

     Жашырганда эмне, көркөм чыгармада өз улутунун мүнөзүн айкарасынан ачып сүрөттөө өтө этияттыкты талап кылары белгилүү. Бирок мындай иштин өтөсүнө чыккан жазуучулар көп эле. Ошолордун эң белгилүүсү Кытайдын классик жазуучусу Лу Синь. Ал «А-Кьюнун түпкүлүктүү тарыхы» повестинде улуттун наадандык, рухий сенектик, күчтүүлөрдүн алдында кың дебей баш ийүү, жалкоолук, кедейлик, ошонусунан арданбай өзүн өзү көкөлөтө мактоо сыяктанган уюткулуу мүнөздөрүн бир адамдын образына топтоштуруу аркылуу ачып берген. Кытай коомчулугунда жазуучунун мындай эрдигин мактагандар да жана кытай элин бети чымырабай маскаралаган дегендер да болгон. Ошондой –ошондой сөздөрдөн улам Лу Синь өзүнө мүнөздүү юмор менен: «Мен, эл айткандай, өткөн мезгилди сүрөттөп берейин дегем, бирок мен келечекти айтып алдымбы деп корком» - деген экен. Анын сыңарындай Өмүрбек Караев кечээги кыргыздардын мүнөздөрүн сүрөттөйм деп жатып, бүгүнкү кыргыздарды кошуп сүрөттөп салган окшойт.

       «Таймаш» жыйнагына жыйырма аңгеме менен бирге төрт повесть киргизген. Бул повесттерде ар кандай турмуштук кубулуштар, окуялар, конкреттүү чагылдырылган жана алардын ар биринин өзүнө тиешелүү эстетикалык баалуулуктары бар. Макаланын көлөмү чектелүү болгондуктан, аларды өзүнчө бөлүп кароо ылайыктуудай көрүндү.

      Колубуздагы жыйнакка киргизилген чыгармалар ар кайсы мезгилде жазылгангандыктан, алардын арасында көркөмдүк – эстетикалык жактан купулга анча толо бербегендери да бар. Маселен, «Суу талаш», «Сезимдеги козголоң», «Кош бол, көк асман» сыяктуу аңгемелер көркөм чыгармага караганда гезиттик очерктерге көбүрөк окшошуп кетет. Буларда окуя жасалма курулуп, алардын эмне менен аяктары окуганда эле белгилүү болуп калат да, окурман кызык маалымат алат, бирок эстетикалык рахат албайт.

      Айрым көптөн үмүттөндүрүп башталган аңгемелерде, маселен, «Шахмат» деген аңгемеде, окуянын өнүгүү логикасы улантылбай, психологиялык мотивдери аягына жеткире иштелбей, автордук көркөм табылга көркүнө чыкпай калган. Азиз чал менен баланын интригалуу башталган мамилеси адегенде адамды чыңалууда кармап, бирок аягына чейин ошондой темпте улантылбагандыктан, балдар гезитиндеги очерктей болуп калган. «Дүмүр» аңгемесиндеги Э.Хемингуэйдин Сантьягосундай кабыл алынган персонаждын жаалданган, эмне болор экен деп күттүргөн өжөр аракети өтө эле баналдуу аяктайт.

         Өмүрбек Караев такшалып калган таанымал жазуучу. Өзүнүн калың окурманы бар. Андыктан ал сөздүн эстетикасына, чыгармаларынын сюжеттик курулушуна жана композициялык чечмеленишине өтө кылдат болушу абзел. Антпесе бийик чеберчиликте жазылган өзүнүн уникалдуу аңгемесиндеги Бекитай баарын билет деп, анан итти атам деп уюн айтып алган персонажына окшоп сезимтал, сөз кадырын билген окурмандарын чоочутуп алышы ыктымал.