2017-06-23 00:00:00

Азыркы шартта Кыргызстандагы студент-жаштарынын генефондун жакшыртуудагы дене-тарбиянын ролу

Акматов Нуржанбек Шаршенович

И.Арабаев атындагы КМУнун дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси, 1990-ж. КМДТИни бүтүргөн, билим берүүнүн, дене-тарбиясынын отличниги, КРдин Айкидо федерациясынын вице-президенти.

 

Азыркы шартта дене тарбиянын Кыргызстандагы студент-жаштарынын генефондун жакшыртуудагы ролу

      Адам өмүрү үчүн дене тарбия менен спорттун кандай мааниси бар – сөздү оболу ушундан баштайлы. Аны түшүнүш үчүн түпкү тегибиз делген алгачкы адамдын жашоо ыңгайын карап көрөлү. Алар өтө катал шартта жашашкан, өмүрү дайыма коркунучта болгон. Бир жагынан тамак аш таап жештин оорчулугу, экинчи жагынан жапайы жырткычтардын коркунучу. Мындай чөйрөдө ден соолугу чың, чаалыгып чарчаганды билбегендери гана жашап кетишкен. Ден соолугу начарлар жырткычтарга жем болгон же ачкадан өлгөн. Демек, алгачкы адамдардын жашап кетиши же жашабай калышы, биринчи кезекте, ден соолугуна байланыштуу болгон. Ден соолугу чыңдары гана жырткыч айбандардан качып жаны калган же аны кубалап өлтүрүп, этин тамак ашына, терисин кийимине пайдаланган. Андан бери канча миңдеген жылдар өттү. Бүгүнкү техникалык прогресстин доорунда адам мурдагыдай кара курсагын кампыйтам, жылуу кийим камдайм деп жапайы айбандын артынан кубалабайт. Демек, ден соолук маселеси байыркыдай биринчи планда болбой калды. Алдыңкы планга акыл менен иштөө, иштин баарын олтуруп алып бүтүрүү чыкты. Күч эми мээге түштү. Адам эми жалаң ой менен жашап, ойдун убарасын тартканга өттү. Бирок ал бир нерсеге көңүл бурган жок. Ойго чөмүлүп ойлонуунун өзү – бул биздин мээбиздин механизми, ал эми мээ болсо ошо биздин орагнизмибиздин бир бөлүгү, ал биздин денебизде.

Азыркы учурда акыл эмгеги адамдын көп убактысын алат. Акыл менен иштөөдө мээге күч келет. Анткени ойлонуу процесси бир калыпта өтпөйт, адам бирде ийгиликке жетет, бирде жетпейт. Бул кыйналуу, капалануу, кыйынчылыктан жол издөө менен коштолот да, акыры адам негативдүү энергетикалык абалга – стресске туш болот. Бүгүнкү күндө ушул стресс деген ооруу аттуунун баарысына себеп болуп жатканы маалым. Стресс адам психикасына күч келтирип, анын ден соолугунун бузулушуна активдүү таасир берет. Анан ушундай абалда ден соолугун бузуп алган адам анын себебин өзүнөн издебей, өзүнүн ан сезиминен жана тулку-боюнан издебей, дары ичип, айыгып кетем деген ойго жетеленет. Ал эми дары дарттын баарын дайыма эле айыктыра бербейт. Ошондуктан адам ооруунун себебин адегенде өзүнөн издеши керек, анткени ал табияттын туундусу, анын адамдык маңызы ошону менен байланышат. Жаратылыш аны жандуу кылып, жетишерлик энергетикалык жана физикалык потенциал менен камсыздаган. Эгерде ал ошого ылайык иштебесе – организм деградацияланат жана ал ички органдардын, таяныч – кыймыл аппараттарынын, жүрөк кан тамыр системасынын ооруулары аркылуу билинет. Мындай абалдын алдын алып, андан аман-эсен чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири – бул дене тарбия жана спорт. Бирок, спорт менен машыкса эле бардык оорудан айыгып кетет экен деген түшүнүк да туура эмес. Мында, биринчи кезекте, алсырай баштаган ден соолукту сабаттуу уюштурулган, үзгүлтүксүз жасалган комплекстүү машыгуу менен калыбына келтирүү жана чыңдоо жөнүндө сөз болуп жатат.  Ошондо ар бир адам, ар бир жаш жигит өзүнүн организминин иштешине көз салууга, өз дене түзүлүшүн жакшылап билип өркүндөтүүгө жана ошого ылайык көнүгүү жасап жүрүү маданиятына ээ болот. Ушундай маданият адамдын дени сак жүрүшүнө, шайдоот жашашына өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө дене тарбия жана спорт маселеси студент жаштарыбыздын күндөлүк турмушунда да өтө актуалдуу. Алар өлкөнүн жалаң эле кадрдык резерви болбостон, ошондой эле улуттун интеллектуалдык байлыгы, анын генефондунун негизи. Спорт менен айланышып, көнүгүүлөрдү жасап машыгуу, эр таймаш чеберчиликтерин өздөштүрүү, эртең менен чуркоо, того чыгуу, көлдө сүзүп, өзөнгө киринүү студент жаштардын сергип эс алуусуна, кыжалаттанткан ойлордон арылтып, стрессти унутууга зор жардам берет. Эң негизгиси окуусуна жагымдуу таасир тийгизет.

Арийне, мындай иште аларга жогорку билимдүү, дене тарбия предмети боюнча адистиги бар креативдүү машыктыруучулар өтө зарыл. Ушундай категориядагы адистер гана студенттерди  спортко шыктандыра алат, спорттук мелдештерди майрамга айландырып, таланттуу спортсмендерди таап чыгат жана спорттун окуу жайында массалык түрдө жайылышына алып келет.

           Бирок бүгүнкү күндө жогорку кесиптик даярдыгы бар машыктыруучулардын окуу жайларына тарттуу да өзүнчө проблемага айланып баратат. Мунун толуп жаткан себептери бар. Ошолордун олуттуулары катары коомдун социалдык абалын, кесиптин туура эмес тандалып калышын же тандап алган кесибин чыгармачылык менен өркүндөтүүгө умтулбаганын көрсөтсө болот. Азыркы шартта социалдык маселелерди чечүү кыйын, аны да эске алуу керек. Бирок ушул фактор дене тарбиясы предмети боюнча профессионал адистердин жогорку окуу жайларында жетишсиз болуп жатканына өз таасирин тийгизерин да танууга болбойт. Анын үстүнө социалдык маселе тигил же бул министрлик чечип коё турган проблема эмес, бул бүтүндөй коомдун проблемасы.

   Спорт студенттердин күнүмдүк турмушунун маанилүү элементи болуп калыш үчүн бүгүнкү күндүн талабына жооп бере тургандай спорттук залдардын болушу, спорттук секциялардын иштеши зарыл. Ошондо гана студенттер үчүн ар кандай мелдештерди өткөрүүгө, машыгып, ден соолугун чыңдоого шарт түзүлөт. Ушул жагынан биздин И.Арабаев атындагы КМУда секциялардын иштеши үчүн залдар, факультеттик мелдештерди өткөрө турган залдар, футбол аянтчалары бар. Жакында студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы тренажордук зал ачылды, жаңы окуу жылынан баштап боксердук зал ишке кирүү алдында турат. Булардын студенттердин үзгүлтүксүз машыгуучу жайына айланып баратканы оптимизмди жаратат. Жалпы республикалык статистикага караганда спорт менен шугулдангандар жылдан жылга азайып баратат. Муну изилдөөлөр, эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор жана өзүмдүн жеке тажрыйбам көрсөтүп жатат. Канткенде биз элди спорт залдарына тартабыз? Мындай абал улуттун генефондуна тескери таасирин тийгизбей койбойт. Муну республикабызда жашаган адамдардын орточо жашынын төмөндөп баратканы, ден соолугу чың студенттердин санынын мурдагы мезгилге караганда кыскарып  баратканы көрсөтүп жатат. Азыркы учурда өнөкөткө айланган оорунун азабын тарткан студенттер көбөйдү. Ушундай кырдаалда адамдын жеке өзүнүн ден соолугун оңдоп, мүчө боюн коррекциялай турган спорттун индивидуалдуу түрүнө багыт алып, секциялардын ишин жандандыруу, спортту бийик аренага алып чыга турган профессионалдык спортту өнүктүрүү алдыңкы планга чыгышы керек.

          Профессионалдык спорт- бул система. Анын өзүнүн иштелип чыккан методикасы жана методологиясы бар. Бул тармакта ийгилик болуш үчүн балдарды бала кезинен, өспүрүм курактан баштап машыктыруу жана селекциялык иштерди жүргүзүү керек. Андыктан азыр унутулуп бараткан балдар-өспүрүмдөр секцияларын жаңы шартка ылайыктап, жаңы технологияларга таянып өнүктүрүү талапка ылайыктуу. Ансыз профессионалдык спортту системалуу өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ошондо гана таланттуу, улуттун жана мамлекеттин атын чыгара турган спортсмендерди тарбиялай алабыз, ошондо гана биздин мамлекеттин, биздин желегибиз көтөрүлүп, гимни дүйнөгө жаңырып угулат. Орустун белгилүү жөө күлүгү, дүйнөлүк олимпиадалык оюндардын эки жолку чемпиону Валерий Борзов айткандай, Ата Мекендин гимнин ааламга жаңыртыш үчүн жеңишке жетүү – алтын медалдан да артык турат. Андыктан мамлекет да, коомчулук да спортсмендерге, алардын билим алышына жана социалдык шартына көңүл буруп, алардын чеберчилигинин өркүндөшүнө  ар тараптан жардам бериши керек. Мындай спортсмендер жалаң эле өздөрүнө эмес, мамлекетке да материалдык пайда алып келишет.

   Студенттерди спортко үйүр кылуунун эффективдүү жолдорунун бири – секциялык иштердин үзгүлтүксүз, атайы иштелип чыккан программалардын жана методикалык камсыздоонун негизинде жүргүзүлүшү болуп эсептелет. Секцияга катышкан студенттер дене бойдун сымбаттуу болушуна, өз эркин тарбиялоого, чыдамкайлыкка жана дайыма максат көздөп жашаганга көнөт. Өзү катышып жаткан спорттун ошол түрүндө адамдын гармониялуу өнүгүүсүнө негиз сала турган тажрыйба бар. Көптөгөн кылымдар бою топтолгон ал тажрыйба студенттин рухий, интеллектуалдык жана дене бой жактан өнүгүүсүн шарттайт. Маселен, эр таймаштын бир түрү делген Айкидону алалы. Айкидо эр таймаштын башка түрлөрүнө караганда салыштырмалуу жаш. Аны XIXкылымдын аягында XXкылымдын башында негиздеген жана дүйнөгө эр таймаш өнөрүнүн уникалдуу түрүн ачып берген Улуу чебер Морихей Уесибанын айтканы бар: «Айкидо – бул эр таймаш өнөрүнүн философиясы, бул сыркоо дүйнө үчүн дары». Айкидонун негизи – бул адамдын гармониялуу өнүгүшү, бул руху күчтүү, интеллектуалдык жактан өнүккөн жана дени сак адам. Айкидонун техникасы адамдын карандай күчүнө негизделбейт, тескерисинче, алар физиканын, биомеханиканын, геометриянын, анатомиянын жана адам психологиясынын мыйзамдарын терең билүүгө негизделет. Айкидо менен ар кайсы курактагы эркек да, аял да машыкса болот. Анын начарлай баштаган ден соолукту кайра калыбына келтирүү, аны чыңдоо, өркүндөтүү жана ошондой эле адамдын ашкере мүмкүнчүлүгү үчүн ички энергияны өнүктүрүү сыяктанган методикалык иштелмелери бар.

           Өзүмдүн Айкидо жана волейбол менен машыккан көп жылдык тажрыйбамдан билем: Айкидо менен машыккан балдар, жаштар жана улгайган адамдар өз ден соолугун бир топ чыңдап алат, өзүн курчаган дүйнөгө көбүрөөк көңүл буруп, ишмердиктин чөйрөсүндө пайда болгон проблемаларга чыгармачылык жана позитивдүүлүк менен мамиле кылат. Айкидо менен өзгөчө студенттик куракта машыккан пайдалуу. Бул курак энергия топтолгон, жаркын максатка умтулган кез. Ошондуктан аны өзүңдүн ден соолугуңду чыңаш үчүн, өлкөңө пайда келтириш үчүн пайдаланган оң. Студент курактагы ар бир жаш адам өзүнүн улуттун интеллектуалдык жана генетикалык резерви экенин эч качан эстеринен чыгарбашы керек. Андыктан дене тарбиясы маданияты, сергектик студенттердин жашоо принцибине айланышы өтө зарыл.