2019-02-01 00:00:00

Кыргыз киносу: “Көк Бөрү”

Кыргыз киносу дегенде оюңа оболу анын классикалык үлгүлөрүн жараткан Т.Океевдин, Б.Шамшиевдин, Г.Базаровдун фильмдери эске түшөт. Ошолордогу образдардан таасир алган өзүнчө бир муун торолуп, топко кошулду. Азыр болсо кыргыз киносу кризиске учурап, мурдагыдай мыкты фильмдер тартылбай калды дегендер көп. Анан ошондой ойго күүлөнүп алып, капитализм деген заман келгенин, ал өзү менен кошо капиталисттик экономикалык мамилелерге негизделген баалуулуктар системасын ала келгенин эске албай жатышат. Эгерде маселени ушундай өңүттөнкарасак, кино тартуу өнөрү да өндүрүштүк мамилелер менен шартталат, тагыраак айтканда, фильм тартуу, аны прокатка чыгаруу барып-келип эле пайда табууга негизделет. Ушул мотив киноиндустрия деген тармактын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзөт. Бүгүнкү фильмдердин продюссердик кино деп аталышы, тигил же бул теманы тандоодо автордун муну эл көрөбү же көрбөйбү дегенден чыгып жатышы (реж. С.Урсуляк) ушундай негиздеги мамилелердин мүнөздүү белгиси. Демек, фильм тартуу да пайда алып келүүчү өндүрүш катары капитализмдин заң-мыйзамдарын карманып иш кылат. Батыштын 50-70 миллиондон ашык доллар жумшалып тартылган курч сюжеттүү фильмдеринин өз бюджетинен 20-30 эсе көп пайда алып келип жатканы ошондон. Булардын арасында коммерциялык кызыкчылыктар менен адабий-көркөм  негиз бири-бирине дал келген шедевр фильмдер да аз эмес. Андай ленталарда Батыштын жашоо ыңгайы, илимий-техникалык, технологиялык кубаттуулугу, каармандардын интеллектуалдык ж.б. артыкчылыктары даңазаланып, биринчи кезекте, көрөрмандын өз өлкөсү, өзүнүн тарыхы менен сыймыктануусун жандандырууга багытталат. Киноискусстводогу ушул тенденция орустардын кийинки мезгилдеги фильмдерине да (орус баскетболчуларынын Мюнхен олимпиадасындагы жеңиши жөнүндөгү “Движения вверх”, Улуу Ата Мекендик согуштагы орус жигиттеринин эрдиги жөнүндөгү “Т-34” сыяктуу) мүнөздүү боло баштады. “Кинопрокатчынын бюллетени” сайтынын маалыматы боюнча орустардын, “Т-34” лентасы бир жуманын ичинде кассалык жыйымы  бир миллиард рублден ашыптыр. Анын көрөрмандарынын басымдуу бөлүгү жаштар болуп жатканы өзгөчө белгиленет.

         Арийне, кино, биринчи кезекте, искусство. Анын контенти жумшалган акчанын көлөмү же саны менен аныкталбайт.Ошентсе да өлкөбүздө өнөр жай өндүрүшүнүн, ошондон өсүп чыккан улуттук буржуазиянын аздыгы жана бечел абалда болушу, фильм тартуу өндүрүшүндө постсоветтик доордогу стереотиптердин басымдуулук кылышы кинорыногубуздун стабилдүү өнүгүшүнө өз таасирин тийгизип жатканын байкоо анчалык деле кыйын эмес. Ошондон улам материалдык-техникалык базасы жарды, финансылык мүмкүнчүлүгү чектелүү кыргыз киноиндустриясы карандай энтузиазмдын деми менен иштеп жаткандай сезилип кетет. Кийинки 25 жыл ичинде прокатка чыккан фильмдер авторлорунун намыянын калыңдатып, салыкчылардын санаасын тындырып койбогону менен, көрөрмандарга эрмек болуп, айрымдары ал түгүл эл аралык сыйлыктарды да алганга жетишти. Эгерде биз аталган мезгилде прокатка чыккан кыргыз кинолорунун хроникасына көз жүгүртсөк, ошолордун арасынан коомчулукту түп көтөрө козгоп, өздүк аң сезимге, улуттук ар намыска өзгөчө из калтырган “Курманжан датка” фильми өзүнчө этап катары бөлүнүп турат. Ал эми Темир Бирназаровдун катмарланган маани камтыган “Белгисиз маршрутунда” белгисиз тарапка бет алып, тарыхый багытынан адашып, катастрофага кабылып калуу абалындагы этникалык топту автобустун рамкасындай аянтка жайгаштырып, алардын ошондой шарттагы образын кино тили аркылуу ич сыздап аёо,  керкакшык, жемелөө, калкалап кам көрүү сыяктуу сезимдерге жуурулушкан интонация менен ачып берүү аракети жасалган. Мында ошол автобус да, анын чектелген аянты да, ал түгүл ар кандай ракруста чагылдырылган деталдар да символдук маани камтыйт. Таланттуу режиссердун идеясы ошол символдор аркылуу берилет. Бул фильм-метафора, мунун стилистикасы көбүнесе даярдыгы бар көрөрмандарга  ылайыкташтырылган. Ошого карабай кыргыз коомундагы социалдык типтер таризиндеги тагдырын уйкусурап өткөргөн, коомдук тартиптин, диндин өрнөктүү өкүлү сыяктанышкан, кайда баратканына кайдыгер, автобус айдаганды араба айдагандай көргөн колу туткак персонаждарга көрүп отурган эл жабыла шылдың аралаш күлөт. Классиктер айткандай, өзүнө өзү күлгөн элден үмүттү үзбөш керек. Т.Бирназаровдун фильминен баш багып турган идея ушундай. Бирок ашкере таланттын белгилерин алып жүргөн тасмадагы табылгалар кино билермандары тарабынан накта баасын албай унутта калып баратканы гана өкүндүрөт.

         Ал эми 2018-жылы экранга чыккан кыргыз фильмдеринин ичинен көргөндөрдүн көңүлүн көкөлөтүп, улам көрсө улам тамшандырган “Көк Бөрү” тасмасы (режиссеру, сценарийдин автору Нурбек Акун) кинорыноктун көркүн чыгара турган тасма болду десек жаңылышпайбыз. Интернетте жүргөн пресс-релиздефильмдин тартылышында колдонулган техникалык, трюктук ж.б. жаңы ыкмалар жөнүндө айтылат экен. Кино изилдеген адис болбогондон кийин алар тууралуу айтыш кыйын. Бирок эс тарткандан көрүп жүрүп, көндүм көрүнүшкө айланган демейки эле улуттук оюнду режиссер голливуддук калыпка салып, өзгөчө өрөпкүткөн кызыктуу окуяга жана каныңа өрт койгон экшнгеайландырганы тамшандырбай койбойт. Чын эле, залда отурганда бала кезде Батыштын вестериндерин көрүп ээликкендей, көркүнө чыгарып тартылган “Көк Бөрүнүн” эсти эңгиреткен кумарынан эмоцияң ташкындап, театрдагы орундукка батпай кетесиң.

         Фильм, аты айтып тургандай, аш-тойлордо өткөрүлүүчү оюндун шаанисин чыгарып, шардана кылган көкбөрү жөнүндө. Сюжети татаал деле эмес, анын кандай башталып, кандай бүтөрү дайын. Бирок ушул жөнөкөй сюжет чыгармачылык таланты акырындап ачылып келе жаткан жаш режиссердун трактовкасында ашкере драмалаштырылып, байыркы оюнга башкача акцент коюлат. Анын серпилип кетчү пружинадай динамикасынын кумарды козутуп, бүйүрдү кызытып жатканы ошондон.

         Руслан Акун кыргыз режиссерлорунун ичинен биринчи жолу күндөлүк жашообузда объективдүү турмуш чындыгына айланып бараткан капитализмди жана буржуазиялык баалуулуктарды “Көк Бөрүсүндө” мазмун түзүүчү элемент катары пайдаланып, тасмасына жаңы тарыхый түс-ыраң берген. Кино чыгармада конфликттердин мотивациясы жана кызыкчылыктардын кагылыштары ошол мазмундан агылып чыгат. Окуянын андан ары өнүгүшүндө текеберсинген Батыш коому жапан эл катары караган кыргыздардын жамандык, жакшылык, айкөлдүк, пастык сыяктуу нравалык түшүнүктөрү жана кулдук сезимден, сатылып кетме адаттардан толук арыла элек, каарына келгенде кара башын курмандыкка чалгандан кайра тартпас көк жалдыгы бар менталитети, улуттук намыс деген сапаттын кырчылдашкан кыйчалыш кырдаалдардагы көрүнүшү ошол окуяга өзгөчө эмоционалдык заряд берип, каныңды дүүлүктүрөт, көзүңдөн жаш атып чыккандай абалга алып келет.

         Окуя “Жалын” командасынын капитаны Максат аттуу чабендестин аты таймаш учурунда жаракат алып, мөөрөйдү алдырып жиберген жеринен башталат. Байгеге сайган акчасы кайтарылбай, ири чыгымга учураган команданын кожоюну жинденип, Максаттын жалынып-жалбарганына карабай атын сойдуруп, өзүн командадан да, квартирадан да кууп чыгат. Анын ордун, квартирасын Максатка ичи тартып жүргөн өнөктөшү ээлеп калат. Ошентип, жаны менен бир бүткөндөй атынан айрылганын орду толгус трагедия катары көргөн Максаттын ээр токумун көтөрүп айылга келиши кийинки, андан да драмалуу, окуялардын прелюдиясы катары кабыл алынат.

         Максат айылдаштары насыя акча үчүн алынганы турган жерин сактап калуунун айласын таппай жатканда келди. Ошону көздөгөн компаниянын өкүлдөрү тымызын айылдын сатылма атка минерлеринин көңүлүн алып, келишимге кол коюлса, элге бир тоннадан көмүр берилерин ошолордун оозу менен айттырышты. Өз элинин таламын талаша тургандар базардагы далдалчылардай кол коюп берип, бекер көмүрдү алып албайсыңарбы деп азгырганы бир укмуш. Ушундай арсыздарды паралап, бөтөн элдин жерин, кен байлыктарын карызына чегерип ээлеп алганга көнгөн компаниянын өкүлдөрү тигил саткандарды өз элине шыкактап коюп, беймарал отурушат. Эл эки анжы болуп, көңүлү чайкалып турганда, авансценага “Манастагы” Бакай кейиптенген ак сакал абышка чыгат. Анын эпикалык персонаждарды элестеткен образы ушул сценкада репродукцияланган, жандандырылган мифологиялык архетип катары мааниге ээ болуп кетет. Режиссердун бул образга реалдуу түр-түспөл беришин, биздин оюбузча, айылдагылар менен компаниянын ортосундагы чоң жаңжалга айланып кетүүчү конфликтти ата-бабалардын маселени акыл калчап, кеңешип чечкен салтына таянып, цивилдүү мамилелер тилкесине алып чыгуу зарылчылыгы шарттаган деп чечмелегенге жол берет.

         Чын эле, абышканын жүйөлүү сөзүнөн кийин эл кол койгондон баш тартып, маселени укуктук аянтка алып чыгып, юридикалык жол менен чечүү бүтүмүн чыгарышат. Ал эми адвокат жалдаш үчүн жакында өтө турган мелдешке команда түзүп катышып, ири суммадагы байгени утуп алууга бел байлашат. Ошентип, компаниянын карыз акчасына чегериле турган жерди сактап калуу мотиви кыргыз коомундагы элдин өздүк аң сезимине, улуттук намысына жана мекенчилдик түшүнүгүнө бүлүк салган талылуу тема менен чырмалышып кетет да, фильмде өзгөчө чыңалууну жаратат.

Ырас, фильмдин автору карызын доолап, жерге көз арткан компаниянын кайсы өлкөгө тийешелүү экенин айтпайт  жана алдына андай деле максат койгон эмес. Бирок тагдыр чечер мелдешке кызыгууну жана интриганы күчөтүү үчүн алынган бул мотив канчалык ойлонбоюн десең да Кыргызстандын энергетикасына, тоо кен өнөр жайына, жол курулушуна, кен байлыктарын иштетүү үчүн берилген лицензияларга байланыштуу (КП,  1-8-ноябрь, 2018-жыл) чыр-чатактар менен ассоциацияланып кетип жатканын өзүңдөн да, өзгөдөн да жашыра албайсың. Эгерде муну кошуна тажиктер, Африкадагы зимбабвеликтер, Азиядагы шриланкалыктар көрсө деле ошондой ассоциация жаралышы мүмкүн. Анткени бул капиталды тышка чыгарып, аны тымызын экспансиянын предметине айландыруунун жолун издеген дүйнөлүк масштабдагы глобалдашуу процессинин реалиялары. Ал эми бул процесс дайыма кызыкчылыктардын карама-каршылыгы, коомдогу протесттик маанайдын чыналуусу менен коштолору адамзат тарыхынын бүгүнкү тажрыйбасынан көрүнүп жатат. “Көк Бөрү” фильминдеги айылдык команданын Батыш вестерндеринин жана Акира Куросаванын “Жети самурайынын” традицияларына үндөш таймашы, биз кааласак каалабасак да, ушундай аспектте интерпретацияланып, бүтүндөй кыргыз улутунун таймашы сыяктуу кабыл алынып кетет. Ошондон улам фильм көрөрмандарынын канын дүргүтүп, эс дартын ээлеп, эңги-деңги кылып жатат. Мындай эмоционалдык атмосфераны өз мезгилинин күрөө тамырынын кагышынан кабардар режиссер гана жаратууга жөндөмдүү.

         Ошентип, алдына улуу максатты койгон айылдык команда каршылаштарын жеңип, финалга да чыкты. Эми бир чымырканса байгени алганы турат. Анын үстүнө бул, жогоруда белгиленгендей, голливуддук калыпка салынып, эргип тартылган фильм эмеспи, жанрдын мыйзамы боюнча мында жеңишке айылдык көкбөрүчүлөр жетиш керек. Бирок айылдык команда жеңилип калды.

         Арийне, оюнду көргөн эл муну атаандаш команданын карасанатайлыгы деп айтары талашсыз. Режиссер болсо финалды ушундай кылып көрсөтүү менен коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнүн коммерцияланышына алып келген керектеме цивилизациянын табиятын ачып  берүү аракетин жасаган. Мындай чөйрөдө пайда табуу кызыкчылыгы алдыңкы орунга чыгат.

         “Оюн башталганда сахнада мылтык илинип турса, ал оюндун аягында атылыш керек”, - деп А.П.Чехов айткандай, фильмдин башталышында сайган акчасынан айрылганына жинденип, таза кандуу күлүк атты мууздатып, чабендесин кубалап жиберген адамдан эмнени күтүш керек эле? Ал байгени алыш үчүн мурдагыдан да өткөн мыкаачылыкты жасайт. Ал жаңыдан түптөлө  баштаган жапайы капитализмдин капшабы менен байлык топтогон, ошол байлыгына дөгүрсүп, мыйзамды, ыйык делген ата салтын тебелеп-тепсеп, өзүн кудайдай сезип алган жаңы кыргыз. Андайлар карапайым элге аралашпай, ложада отурушат, төрт тарабы төп келген офисте кымбат баалуу шарап ичип отурушуп, маселени (кимдин жеңилерин, кимдин жеңерин) чечип коюшат. Бирок чет өлкөдөн иш сапары менен келген кабарчынын (кыргыз кызы) улуттук көкбөрү оюнун жеткире сүрөттөп, бу жолу анын эмне максат менен өткөрүлүп жатканын массалык маалымат каражаттары аркылуу дүйнөлүк коомчулукка жеткирет, ошонун натыйжасында айылдыктар жерин арачалап калат.

         Кийинки жылдары Батыштын баалуулуктарына, өзгөчө америкалык жашоо ыңгайына, идеал катары ориентир кылган кыргыз фильмдери тартылды. Тартылганы жакшы. Ар кандай көз караштарды трактовкалаган фильмдерибиздин көп болгону оңой олжо эмес. Тек алар искусствонун бийик үлгүлөрүнөнбү – кеп ошондо. Бирок бүгүнкү өтө саясатташып кеткен дүйнөдө ошонун интенсивдүү манипуляциясына кабылган аң сезим андай фильмдерге оболу искусство чыгармасы катары мамиле кылбай, аны Батышка жагынып, жакшы көрүнүүнүн эле аракетиндей баалап жибермейи бар. Ошондон улам канчалык этияттанган күндө да Нурбек мырза фильминде Батыш коомун адилеттүү арбитрдин ролунда бериптир деген ой жаралышы да мүмкүн. Бирок мында массалык маалымат каражатына  жарыяланган материалдын резонансы, ошол аркылуу конфликттин орбитасына дүйнөлүк коомчулуктун тартылганы, анын таасири жана күчү жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кыргыз киносундагы жаңы көрүнүш.

         Иши кылып “Көк Бөрүнү” көрүп жатканда ишендирген жана ишендирбегендей моменттер болот. Бирок фильм ушунчалык кызыктуу тартылгандыктан, анын таасирине арбалып отуруп, алардын баарын унутуп каласың. Сыягы гениалдуу колумбиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Габриель Гарсия Маркес: “Мен реалдуу сыяктанган көрүнүш менен фантастикалык сыяктанган көрүнүштөрдүн ортосундагы демаркациялык тилкени талкалоо зарылчылыгынан чыгам, анткени мен жаратып берсемби деген дүйнөдө андай тоскоолдук болгон эмес”, - деп бекеринен айтпаса керек.

         Бирок ата-бабалардын асыл наркын көкөлөтө бийик көтөргөнгө даремети бар көк жал кыргыз экениңди эске салган ушундай фильмге элдин аз келип жатканы өкүнүү сезимин жаратканын да айтып кетпесе болбойт. Бул рекламалоодон кеткен кемчиликпи, же башка да жагдайлар болдубу – аны айтуу кыйын. Болжолу “Көк Бөрүнүн” “Көчмөндөр оюнуна” удаа прокатка чыкканы ушундай абалдын жаралышына себеп болду көрүнөт.

 

                                                       Абдил Шерматов. И.Арабаев атындагы КМУ.