2019-05-25 00:00:00

Китепкананын имаратында ондоо-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

      Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу жайгашкан короодогу бир топ убакыттан бери пайдаланууга берилбей, убактылуу жабык турган мурдагы китепкананын имараты декабрь айынан бери кайрадан жаңыланып, ондоо-түзөө иштери кызуу жүрүп жаткан учур, тактап айтканда заманбап шарттагы заңгыраган эки кабаттуу имарат болуп курулуп жатканы маалым.

Аталган имаратты тендерден уткан “Нур-Строй-Групп” аталышындагы курулуш компаниясынын куруучулары курууда. Курулуш иштери аяктаары менен жаңы корпус пайдаланууга берилет. 
Жаңы корпуста университеттин борбордук китепканасы жана жыйындар залы жайгашмакчы.