2019-06-01 00:00:00

Балдар – жердин жандуу гүлдөрү. 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун күнүнө карата ректор Төлөбек Абдырахмановдун куттуктоосу

Урматтуу кичинекей бөбөктөр жана жаш жеткинчектер!

Сиздердин бүгүнкү 1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун күнү менен жеке өзүмдүн жана И.Арабаев атындагы КМУнун эмгек жамаатынын атынан чын-дилден куттуктайм.

Кыргыз эли дүйнө коомчулугу менен биргеликте бул майрамды өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгилеп, жаш жеткинчектердин, балдардын салттуу майрамы деп билишет.

Анткени Сиздер ата-энелердин илгери үмүтү, үй-бүлөнүн бекемдиги, ааламды шаңга, асманды нурга бөлөгөн, жашоонун маңызы жана мамлекетибиздин келечегисиздер.

Ошондуктан биз ата-энелер, мугалимдер, дегеле жалпы адамзаты Сиздердин бактылуу балалык, татыктуу билим жана жаркын келечегиңиздер үчүн бүткүл аракетибизди жумшоого милдеттүүбүз жана бул биздин негизги парзыбыз деп билебиз.

«Балдар – жердин жандуу гүлдөрү» дегендей, жер бетине жылуулук, ата-эненин жүзүнө жылмаюу тартуулаган балдарыбыздын асманы ачык, маанайы жарык, акылы тунук, күлкүсү шаңдуу болуп, ар бир күнү бактылуу көз ирмемдер менен коштолсун. Бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон бала гана өз жашоосунда бактылуу өмүр сүрө алат демекчи, бактылуулуктун даамын сезип чоңойгон балдар Кыргызстандын тиреги, чеби, бактысы.

Биздин окуу жайда эмгектенген эң мыкты педагог-адистер Кыргызстандын айрым бир аймактарындагы бала-бакчалардын, орто мектептердин жетекчилери менен тыгыз байланышып, аларга колдон келишинче моралдык жардамын көрсөтүүдө жана өлкөбүздөгү жаш жеткинчектерге татыктуу тарбия, чексиз билим берүү максатында жыл сайын жогорку билимдүү мугалимдерди, педагог-адистерди даярдоодо.  

Урматтуу кичинекей бөбөктөр! Бүгүн бүткүл адамзаты белгилеп жаткан Сиздердин майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, Сиздерге бактылуу балалык, татыктуу билим жана жаркын келечек каалоо менен, «Мен – кыргызстандыкмын» деген мекенчилдик сезим ар бириңиздердин жүрөгүңүздөрдүн түпкүрүнөн орун алышын тилейм.

Урматым менен 

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору 

Абдырахманов Төлөбек Абылович!